Ош облусунун аймагында өрттүн саны 2019-жылга салыштырмалуу 17 пайызга азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
2020-жылдын 6 ай ичинде Ош облусунун аймагында 132 өрт кырсыгы катталып, андан келтирилген материалдык чыгым 24 млн 517 миң 736 сомду түзгөн. Ал эми 2019-жылдын 6 ай ичинде 159 өрт кырсыгы катталган, анын келтирилген материалдык чыгымы 11 млн 924 миң 624 сомду түзгөн.
Былтыркы жылга салыштырмалуу 27 өрт кырсыкка азайган. Тагыраак айтканда 17% га азайган. Өрттөн келтирилген материалдык чыгым 100%га көбөйгөн. 2020-жылдын 6 айы ичинде өздүк курамдын күчү менен 33 млн 382 миң 500 сомдук материалдык баалуулуктарды сактап калган. 2020-жылдын 6 айы ичинде 2 адам каза болгон. Ал эми 2019-жылдын 6 айы ичинде да 2 адам каза болгон.
2020-жылдын 6 айы ичинде Ош облусу боюнча башкармалыгы тарабынан аткарылган үгүт-насаат иштеринде, мекеме ишканаларда, мектептерде, бала-бакчаларда 312 жерде 13 257 камтыган лекция жана эл көп чогулган жайларда, турак үйлөрдө жана базарларда 1714 жерде 13045 адамга нускама берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ