Menu

Өмүрбек Бабанов: “Эч жакка, эч кимден качкан жокмун”

Бөлүшүү:

Кечээ эртең менен Москвага учуп кеткен экс-депутат, “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов эмнеге чыгып кеткенин “Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн менин персонама болгон кызыгуусуна ыраазычылык билдирем. Мен өз иштерим менен алекмин, алар ички да, эларалык да каттамдарга чыгууну талап кылат. Эч жакка, эч кимден качкан эмесмин, качкан жокмун. Сиздер билгендей, күбө катары тергөө органдарына өз убагында барып турам, ушул убакыттын ичинде аларга бардыгын түшүндүрүп, актыгымды далилдей алдым деп ишенем. Ал эми менин кыймылыма чектөө жок. Андыктан өз иштерим менен тышка учуп чыккам, анан, албетте, өз мекеним Кыргызстаныма келем.

УКМК эмне дейт?

Бабановдун сыртка чыгып кетиши боюнча УКМК да өз пикирин билдирди. УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов: Бабановго коюлган кылмыш иштери боюнча айтсам, ал күбө катары гана өтүп жатат. Мыйзам боюнча анын сыртка чыгышына эч кандай чектөө да, тыюу да жок”,-дейт.

Эскерте кетсек, Ө.Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоого катышып, шайлоодон кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. 2017-жылдын 28-сентябрында, Башкы прокуратура Бабанов президенттикке талапкер катары үгүт иштерин жүргүзгөндө, Ош шаарынын Амир-Темирде сүйлөгөн сөзү боюнча кылмыш ишин козгогон. Мындан тышкары, ага карата “бийликти басып алууга даярдык көрүү” деген күнөө коюлган.

Бабанов 2018-жылы саясаттан кеткенин, мындан ары жалаң ишкерлик менен алектенерин билдирген. Быйыл 9-августта, Атамбаев кармалгандын эртеси Москвадан Бишкекке учуп келген. Келгенден кийин, ал козголгон иштер боюнча, УКМК менен Финполицияга бир нече жолу сурак берип чыккан.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: