Menu

Жусупжан Жээнбеков, экс-губернатор: “Жумабековдун окуганын өзүнөн башка киши түшүнгөн жок”

Бөлүшүү:

– Жусупжан агай, спикердин Нур-Султан шаарында орусча сүйлөгөнү социалдык тармактарда сынга кабылып, түрдүү талкууларга жем таштады. Бул спикердин катачылыгыбы же коомчулуктун аша чапканыбы?

– Мен күнөөнү спикердин катачылыгын сындаган коомчулукка эмес, спикерге коём. Спикер жазылган кагазды да жөндөп окуй албай уят болду. Анын окуганын өзүнөн башка киши түшүнгөн жок. Спикер мындай чоң жыйындарга баратканда даярданып барышы керек эле. Башкача айтканда, мамлекеттеги эң жогорку кызматтагы жетекчи болгондуктан мындай жыйындарга окуп, даярданып, тилин көндүрүп жоопкерчиликтүү мамиле кылышы керек болчу. Орусчаны эптей албаса, кыргызча деле сүйлөй берсе болмок. Андан кадыры деле түшүп кетмек эмес. Тескерисинче, тилин сыйлаган жетекчилердин катарына кирмек. Кыскасы, спикердин орусча сүйлөй албаганы осол эле иш болуп калды. Дастан Жумабековдой спикерлер шайланышына өзүбүз шарт түздүк окшойт. Партиялык тизме деп алып адамды эмес, партияны шайлап алып ушундай сабатсыз депутаттардын парламентке келишине шарт түздүк.

– Парламенттик шайлоодогу пайыздык ченди жогорулатып жиберишти. Бул нерсе эмки шайлоодо башкага эмес, капчыкка маани берилет дегенден кабар бербейби?

– Ошондой десек да болот. Анткени, 9 пайыздык ченден өтөбүз деп партиялар катарына ар кимди кошот. Акчасына карап, башкасы аз келгенсип кытай күйөө балдарыбыз парламенттик шайлоого катышып калабы деп кооптонуп турам. Мурунку шайлоодо деле башка мамлекеттин жараны экенине карабай үч адамды депутат кылышкан. Бул сапар да андай жагдай орун албайт дегенге болбойт. 9 пайыздык ченден өтө алган жок деп, жогору жак өзүнө ыңгайлуу, айтканын аткарган саналуу гана партияны өткөрөт.

– Атына заты жарашпаса да, парламенттик башкаруудан кеп кылабыз. Парламенттик система өзүн-өзү актадыбы?

– Актаган жок. Ошон үчүн эл арасында нааразычылык күч. Парламенттик башкарууну бетке кармап партиялык система менен шайлоого барып эл күтпөгөн, элди ойлобогон, элдин таламын талашпаган адамдар депутат болуп калышты. Ошон үчүн шайлоодон мурун партиялык система зарылбы же жокпу ошону чечип алышыбыз керек. Болбосо аны пайдасынан да, кесепетин тартып калышыбыз мүмкүн.

– Кыргызстанда экономиканын таш-талканы чыкты дегенге кошуласызбы же өнүгүп жатканыбызды байкабай жатабызбы?

– Экономиканын таш-талканы чыкты. Өнүгүп кеткен деле жерибиз жок. Артка кетсек кеттик, алдыга жылган жокпуз.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: