Menu

Экс-спикер Айтибай Тагаевге караганда, спикер Жумабеков орус тилин “жакшы” билет, бирок Курманов кыргыз тилин билчү эмес, Мадумаров гана эки тилди “чемичкедей чакчу”

Бөлүшүү:

Экс-депутат, Кой-Таштагы окуяны иликтөөдөгү мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Алишер Мамасалиев спикер Дастан Жумабековдун Казакстанга барып, орусча сүйлөй калам деп коомчулуктун сынына кабылып, азыркыга чейин сөз болуп жаткан тууралу жана анын жүрүм-туруму боюнча социалдык тармакка пост жазды. Ал өзгөчө мурдагы спикерлер Адахан Мадумаров менен Зайнидин Курмановду мактаптыр…

Алишер Мамасалиев “биздин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун Нур-Султандагы расмий сүйлөгөн сөзү боюнча өз оюмду билдиргим келди”, – деп баштаптыр. “Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын депутаты катары, парламенттин спикеринин расмий иш-чараларда чыгып сүйлөшү – бул, тиги же бул маселе боюнча өлкөнүн атынан жана бүтүндөй мамлекеттин оюн билдирген расмий позиция деп айтат элем. Эреже боюнча, Жогорку Кеңештин спикери адаттагыдай эле парламенттер аралык жолугушууларда жана түрдүү форматтагы (эки жана ар тараптуу) Ассамблеяларда расмий сөз сүйлөп кайрылат. Жогорку Кеңештин төрагасы – бул өлкөнүн парламентинин жүзү, күзгүсү.
Спикер деген сөз өзү (англисче speaker) – түз которгондо оратор (кыргызча чечен) дегенди түшүндүрөт.
Кенен түшүнүктө спикер деген бул парламенттин төрагасы. Бул термин саясий сөздүктө кеңири таралган жана англис тилинде сүйлөгөн өлкөлөрдө гана эмес, Россия Федерациясында, ошондой эле биздин Кыргызстанда да расмий түрдө колдонулуп келет.
Акыркы жаңы тарыхка карай турган болсок
, Жогорку Кеңештин төрагасы эрежеге жараша депутаттар тарабынан шайланып, төмөнкү критерийлер менен тандалыш керек: – саясаттагы жетиштүү тажрыйбасы бар үчүн, лидерлик сапаттары жана кесиптештер арасында кадыр баркы жогору болгондугу үчүн. Парламенттин ишине “7-кабаттагылар” киришпеген учурда спикер калыс шайланчу. Мисалы, Медеткан Шеримкулов, Абдыганы Эркебаев, Өмүрбек Текебаев, Марат Султанов жана башка белдүү спикерлер. Буга чейин биз күбө болгондой президенттик администрациянын спикерди шайлоо маселесине ачык эле киришкенинен улам парламенттин төрагасын тандоо бир эле саясий топтун кызыкчылыгы менен гана аныкталып калган.
Бактыма жараша мен Адахан Мадумаров менен Зайнидин Курманов спикерлик кылган парламентте депутат болдум. Мадумаров менен анча жакшы мамиледе эмес элек. Ал эми Курманов менин устатым болчу. Мен депутат катары ушул эки төраганын ар бири менен өзүнчө Москвада, Анкарада жана Венада өткөн парламенттер аралык конференцияларга катышкам жана ушул эки спикерден улам өлкөбүз үчүн чындап сыймыктанган учурлар көп болгон. Бул эки спикер эл аралык аянттарда сүйлөгөн расмий сөзүндө дүйнөдөгү улуу ойчулдардын айткандарын мисал келтирип мыкты сүйлөшчү. Анан да, башка өлкөлөрдүн парламенттеринин спикерлеринин арасында кадыр
баркы жогору болчу, өзгөчө Борбордук Азия аймагындагы биздин коңшулардын жанында өйдө турушчу. Мен муну көкүрөк кагып сыймыктануу менен айта алам.!
Эми
суроо. Жогорку Кеңештин төрагасы расмий орус тилинде сүйлөшү маанилүүбү? Албетте, маанилүү! Анткени, Евразия экономикалык биримдигинин, Жамааттык коопсуздук жөнүндөгү келишим уюмунун (ЖККУ) жана КМШ өлкөлөрүнүн алкагында орус тили расмий түрдө жумушчу тил болуп саналат. Ооба, парламент мүчөлөрү расмий орус тилинде сүйлөй албашы мүмкүн, бул анча деле маанилүү эмес. Бирок, Жогорку Кеңештин төрагасы, кайталап кетейин, спикер – бул парламенттин жүзү. Анын үстүнө парламенттик өлкө курууга бел байлаган кыргыз эли үчүн Жогорку Кеңештин спикери, ал дүйнө коомчулугу алдында мамлекетибиздин атынан сүйлөчү, кыргызды тааныта турган адам. Белгилей кетчү нерсе, парламент спикерлеринин сүйлөшүүлөрү расмий жолугушуулар бүткөндөн кийин да уланат. Эрежеге ылайык, сүйлөшүүлөрдүн ошол расмий эмес бөлүгүндө көптөгөн маанилүү маселелер келишим жолдор менен чечилет (дипломаттар менен “протоколдо” иштегендер сөзүмдү тастыктай алышат). Саясатта жакшы жана жакын байланыштар өтө маанилүү. Өзгөчө биздин Борбордук Азия чөлкөмүндө, анткени Чыгышта мамилелер назик болот эмеспи…

P.S. Азыркы парламент – бул биздин бүгүнкүбүз. Башка парламентибиз жок, бөлөк төраганы да кайдан тапмак элек. Бул менин калыс пикирим. Бирөө таамай айткандай, парламент бул биздин коомдун күзгүсү. Демек, биз да ушундай калкпыз”, – деп сөзүн бүтүргөн экс-депутат.

Эсте калган спикерлер…

Жогоруда Алишер Мамасалиев сөз кылган Адахан Мадумаров спикер болгондо депутаттарды “смокинг кийгиле” деп кыйнаганы менен эсте калган. Бирок Мадумаров орус жана кыргыз тилдерин “чемичкедей чакчу”. Баарынан эсте калган спикер бул — Айтибай Тагаев болгон. Ал орус тилин жакшы билчү эмес, котормочу ала жүрчү. Аны Курманбек Бакиевдин администрация башчысы Медет Садыркулов спикер кылса, азыркы спикер Дастан Жумабековду Алмазбек Атамбаев спикер кылган. Дастан Жумабеков Айтибай Тагаевге караганда орус тилин бир аз жогору билгени менен айырмаланат. Бирок Алишер Мамасалиевдин устаты Зайнидин Курманов мамлекеттик кыргыз тилинде сүйлөгөндө Дастан Жумабеков Нур-Султанда орус тилинде сүйлөгөндөн да жаман сүйлөчү, кыргызча текстти андан да жаман окучу. Спикер орус тилин жакшы билиш керек деген Алишер Мамасалиев депутат кезинде өзү устаты сыяктуу эле кыргыз тилин жакшы билчү эмес, онтолоп араң сүйлөчү. Кыскасы бир кем дүйнө, бири-бирин сындаган кыргыз…

Бу кызматта кимиси канча отурган?

Тарыхка кылчайсак, эгемендүүлүк алганы 17-спикерлүү болуппуз.

1.Медеткан Шеримкулов, (1990 -1994)

2.Мукар Чолпонбаев (1995—1997)

3.Алманбет Матубраимов, (1995 — 1997)

4.Усуп Мукамбаев (1997 — 2000)

5.Абдыганы Эркебаев (1997 —2000)

6.Алтай Бөрүбаев (2000 — 2005)

7.Ишенбай Кадырбеков (24-март-14-апрель 2005-ж)

8.Муратбек Мукашев (2005-ж)

9.Өмүрбек Текебаев, (2005-ж —2006-ж)

10.Марат Султанов (2006-ж — 2007-ж)

11.Адахан Мадумаров (2008-ж — 2008-ж)

12.Айтибай Тагаев (2008-ж — 2009-ж)

13.Зайнидин Курманов (2009-ж — 2010-ж)

14.Ахматбек Келдибеков (2010-ж — 2011-ж)

15.Асылбек Жээнбеков (2011-ж — 2016-ж)

16.Чыныбай Турсунбеков (2016-ж — 2017-ж)

17.Дастан Жумабеков (2017-жылдын 25-октябрында шайланган)

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: