Menu

Ташкентте тилемчи аялга каршы кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

1-апрелде Ташкенттин Юнусабад районунда тилемчилик кылып жүргөн 59 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, аял быйыл январда дагы тилемчилик үчүн административдик жоопкерчиликке тартылып, айыппул төлөгөн. Буга байланыштуу ага карата бул жолу тилемчилик кылуу айыбы менен кылмыш иши козголду.

Өлкөнүн Административдик жоопкерчилик тууралуу кодексинде тилемчилик кылуу үчүн бирден үчкө чейинки минималдык айлык акы (ал 202730 сумга же 24 долларга барабар) өлчөмүндө айыппул төлөтүү жазасы каралган.

Мындан тышкары Кылмыш кодексине ылайык, экинчи жолу тилемчилик үчүн кармалган жарандар 240 сааттык коомдук жумуштарды аткарып, 2 жылга чейин түзөтүү иштерине тартылып, бир жылга чейин эркиндиги чектелип же бир жылга түрмөгө камалышы мүмкүн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 97 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: