Menu

Судьялар улуттук экологиялык мыйзамдуулукту талкуулашты

Бөлүшүү:

Баткен облусунда, ушул жылдын 17-ноябрында, судьялар жана сот кызматкерлери үчүн Орхус Конвенциясынын жоболорун колдонуу жана Кыргыз Республикасынын улуттук экологиялык мыйзамдуулугу тууралуу окуу семинар өткөрүлдү.  Бул туурасында Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Айлана- чөйрөгө укуктук мааниде көңүл буруу максатын көздөгөн семинарда Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун судьясы Дилара Арстанбаева жана укуктук эксперт Венера Болтобаевалар тренер болушту.

Окуу семинарда  жарандарын ар кандай тармактарда экологиялык мыйзамдуулугун жана Орхус конвенциясынынын жоболоруна ылайык мамиле жасоо тууралуу түшүндүрмө берилди.

Семинар негизинен үч багытты көздөп, айлана-чөйрө боюнча маалымат алуу укугу, бул багытта кабыл алынган чечимдерге коомчулуктун катышуу укугу, ошондой эле айлана-чөйрөдөгү суроолор боюнча сот адилеттигин камсыз кылуу каралган.

Иш чарага Баткен облустук сотунун, район жана шаарлардын судьялары, сот кызматкерлери катышты. Ал эми  окуу семинарды   Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин  жогорку мектеби, Ош шаарындагы Орхус борбору жана ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси каржылап, уюштуруп берди.

Белгилей кетүүчү жагдай, мындай окуу семинар  буга чейин өлкөбүздүн башка аймактарында да өткөрүлгөн болчу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: