Былтыркы окуу жылында Кыргызстандан 16 миң 534 чет элдик студент билим алган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка таянсак, былтыр чет элдик 16 миң 534 студент билим алган. Алардын ичинен 7643 студент КМШ өлкөлөрүнөн келген. Эсептей келгенде Кыргызстанда Индиялык студенттер басымдуулук кылаары аныкталды. Андан кийинки орунда Казакстан, Россия жана Тажикстандан келген студенттер турат.
Кыргызстандан билим алууга умтулгандардын арасында 1 Ирандык, 2 Украиналык жана 9 Монголиялык студент бар.
Булак: Кyrgyztoday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ