Menu

Бейтаптар кайрылуусу: “Биз өлүмдү же шыпааны күтүп жаткан жарандарбыз”

Бөлүшүү:

 Бүгүн элдик дарыгер, табып Хашим Зайналиевдин колунда дарыланып жаткан оорулуулар Жогорку Кенештин депутаттарына, Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылуу жолдошту. Кайрылууда Х.Зайналиевдин дарыгерлик ишмердиги калыс бааланбастан, табыпты бир жактуу каралоо аракеттери болуп жаткандыгы айтылат.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары: Аида Исмаилова, Жанар Акаев, Тазабек Икрамовго

элдик дарыгер Хашим Зайналиевден дарыланып жаткан бейтаптардан

 

КАЙРЫЛУУ

 

Биз рак жана башка айыккыс делген оорулардан жабыркагандар элдик дарыгер Хашим Зайналиевден дарыланып жатканыбыз сиздерге белгилүү болуш керек. Улуттук Онкология борбору жана башка ооруканалар бизди чыгарып койгон.

3 жылдан бери бизди дарылап жаткан Хашим Зайналиевди куугунтуктоо, массалык маалымат каражаттары аркылуу каралоо басылбай келе жатат. Шыпаа болбосо, биз бул жакка келмек эмеспиз. Кыргыз эли маалыматты тез тараткан эл. Эгер табыптан кандайдыр жардам болбосо, биринен бири угуп эле бул жакка эч ким келбей коймок. Албетте, оорусуна айла болбой, каза болгондор да бар. Бул качып кутулгус, болтурбай койгус факты.

Министрлик тарабынан атайын уюштурулуп, бул жакка келген журналисттердин бири да биздин үнүбүздү коомчулукка жеткирген жок. Тескерисинче, биз жаткан жерге келбей, биздин абалыбызды сурабай туруп, Хашим Зайналиевди бир беткей каралаган материалдарды чыгарып жатышат. Аларга да Жараткан Алла туура пикир берсин.

Врачтар: “Хашим Зайналиевде дарыланып жаткандар баары бир өлөт, алар биздин көзөмөлдө”, – деп массалык маалымат каражаттарына маалымат таратып жатышат. Ошондой эле, табып алардын башын айлантып, наркотикалык заттарды берип койгон деген маалыматты да айтышты врачтар. Бул эмне деген антигумандуулук! Бардык ооруканалар чыгарып койгон адамдардын айла издөөгө, башка жактан дарыланууга акысы жокпу? Химия, нурлануунун азабын тартпаган соо адамдар бизди түшүнүүсү өтө кыйын. Химия, нурланууну көтөрө албасак, кандай кылып дарыланабыз? Кайра эле ошол химияны сунуштап жатпайбы врачтар.

Онкология борбору колдон келгенин баарын кылып, бизди чыгарып койгон. Ачыгын айтканда, өлүмүңөрдү күткүлө дешкен. Эми ага да болбой, артыбыздан түшүп, Хашим Зайналиевден дарыланбай, үйүңөргө баргыла деп жатышат.

КТР башчысы Илим Карыпбеков баш болуп, бул жакка жалаң караңгы, билимсиз адамдар барып жатышат деген пикирлерди таратып жатышат. Бул жерде илим-билимдүү, бүт кыргызга таанымал адамдар, эл акындары, илимдин кандидаттары, окумуштуулар, ошол эле Илим Карыпбековдун кол алдында иштеген журналисттер, врачтардын тууган-уруктары да дарыланып жатышат. Бизди баштары айланган бирөөлөр жатат деп маалымат таратып жаткандар, күнөөгө батпай жакшылап ойлонуп сүйлөшсүн.

Дарыгерлердин биринчи максаты элди айыктыруу болуусу керек. Мамлекеттин негизги байлыгы – анын эли. Расмий медицина алып жетпей калгандан кийин, эмне кылуу керек? Хашим Зайналиевден сырткары да Канат ажы сыяктуу ондогон табыптар ракты жана башка ооруларды дарылап жатышат. Аларга да ондогон, жүздөгөн оорулар барып жатат. Кылымдардан бери келе жаткан элдик дарыгерлик ММК аркылуу каралоо, чет элден келген гранттар менен токтоп калбайт. Бул жерде чоң маселе бар.

Биз өлүмдү же шыпааны күтүп жаткан жарандарбыз.

Чет өлкөлөрдөн грант алып, ресторандарда биз ракты жеңдик деген иш-чараларга катыша албайбыз. 100 миң долларларды чогултуп, Германия, Израиль жактарга операцияларга бара албайбыз. Ал жактан дарыланган Жибек Нукеева, Султан Жумагуловдун тагдырын баарыбыз билебиз. Башка ден соолугу чың жарандар сыяктуу чоңдордун эшигин тытууга да кудуретибиз жетпейт.

Онкологиядан айла болбой бул жакка келдик. Ал жердеги коррупция, сабатсыздык, дары-дармек мафиясына өз көзүбүз менен күбө болдук.

Хашим Зайналиевден айыккан жана дарыланып жатккан адамдар Сиздер менен жолугууну күтүп жатышат.

Эгер чын эле эл өкүлү болсоңуздар, оорулуу болсо да эл керек десеңиздер, бизден кабар алып, абал менен жеринен таанышып кетесиздер деп үмүттөнөбүз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: