Кечээ, 13-ноябрда Бишкек шаарында эл аралык мелдештерде ийгилик жараткан спортчуларга бир катар сыйлыктар жана наамдар тапшырылды.
Анда Эмгек сиңирген спорт чебери наамы күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү – Айсулуу Тыныбекова, Каныбек Жолчубеков, Эламан Догдурбеков, жеңил атлетика боюнча кураманын мүчөсү Дарья Маслова жана жиу-житсу боюнча кураманын мүчөсү Төрөкан Багынбай уулуга берилди.
Ал эми Эл аралык даражадагы спорт чебери наамына Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Амантур Исмаилов, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы татыктуу болду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ