Menu

Украина Тажикстан кооптуу деп эсептеген “жоочуну” экстрадициялаган жок

Бөлүшүү:

Тажикстандык Муродали Халимовду мекенине кайтаруу тууралуу сөз жок. Бул тууралуу 14-ноябрда Украина Башкы прокуратурасы билдирди.

Рудаки районунун 37 жаштагы тургуну, «Босс» каймана аты менен белгилүү Муродали Халимов эки жыл мурун Интерполдун суроосу менен Түркиядан Киевге учуп келген маалда кармалган. Тажикстанда Муродали Халимов “Ислам мамлекети” экстермисттик тобунун өзгөчө коркунучтуу жоочусу катары эсептелет. Ал терроризм, жалданмачылык, кылмыштуу топ түзүүгө айыпталган.

Украина Башкы прокуратурасы “Азаттыктын” тажик кызматынын суроосуна кат түрүндө жооп берип, Муродали Халимовду мекенине кайтаруу тууралуу чечим кабыл алынбаганын билдирди.

Буга чейин Украина ИМ тобунун өтө кооптуу жоочусун эркиндикке коё бергени тууралуу кабар тараган. «Жакында Украина бийлиги «Боссту» коё бергени белгилүү болду. Биздин маалыматтар боюнча учурда Халимов өзүн Донецк элдик республикасы деп жарыялап алган аймакта жүрөт», – деген Тажикстан атайын кызматындагы өз булак.

Душанбе эки жыл мурун эле Киевге Муродали Халимовдун Сириядагы согуштук аракеттерге катышканы жана карапайым кишилерди ИМ тобунун катарына тартканы тууралуу маалыматтарды жөнөткөн. Бирок Киев аны Тажикстанга кайтарып берүүдөн баш тарткан.

Тажик бийлигинин маалыматы боюнча Муродали Халимов аялы жана үч баласы менен бирге 2014-жылы Сирияга чыгып кеткен. Андан соң Жакынкы Чыгышка анын бир тууганы Махмадсаид Халимов дагы үй-бүлөсү менен сапар алган. Жалпысынан Халимовдордун үй-бүлөсүнүн 14 мүчөсү ИМ тобу менен кызматташууга айыпталууда.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: