Бүгүн, 22-июлда Россиянын 120 медицина кызматкерлери Кант шаарындагы авиабазага келип конду. Бул тууралуу Кыргызстандын Башкы штабынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 120 медицина кызматкерлери жасалма дем алдыруучу аппарат, кычкылтек концентраторлорун, пульсоксиметр жана башка жабдыктарды алып келишкен.
Ошондой эле медициналык кызматкерлер Кыргызстанга коронавирусту жана пневмонияны дарылоо үчүн дары-дармектерди дагы ала келишти.
Башкы штабдын маалыматына ылайык, 20 адамдан турган алты медицина кызматкерлеринин тобу Кыргыз өлкөсүнүн аскердик дарыгерлери менен бирге, аскер кызматкерлерине, алардын үй-бүлөлөрүнө жана ардагерлерге практикалык жана консультациялык жардам көрсөтүшөт. Төрт бригада Бишкекте жана экөө Ошто иштейт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ