Menu

Видео – ИИМ министрине КСДПдан талапкер Улан Исраилов башкы атамекенчи Өмүрбек Текебаевдин элементардык суроолорунун бирөөсүнө да жооп бере албады

Бөлүшүү:

“Атамбаев “укук коргоо тармагы терең кризисте, реформа жүрбөй жатат, 2010-жылдан бери 8 Ички иштер министри алмашты, баары эч нерсе жасай албады” деди. Мына азыр Атамбаев ишенген Улан Исраилов деген министр шайланганы келип олтурат. Бирок, депутаттардын суроолоруна жооп бере албай, анын ордуна премьер-министр жооп берип жатат. Алар татаал суроолор болсо мен жеңил эле суроолорду берейин,” – деди бүгүн, 9-ноябрда Жогорку  Кеңеште өкмөттүн жаңы курамын талкуулоо учурунда “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев.

– Улан Жумабекович, Кыргызстанда административдик ведомство деген түшүнүк бар, бизде канча түрү бар ошонун? – деп сурады Өмүрбек Текебаев, жооп алалбагандан кийин суроосун кайра кайталады, – Административдик ведомствонун канча түрү бар Кыргызстанда? Ички иштер министри болуп шайланганы турасыз, айтыңыз!

– .., – министрден үн чыкпады.

– Жооп жок, 4 түрү бар, – деди Текебаев, – Сиз өкмөткө мүчө болуп кетип жатасыз, өкмөттүн канча мүчөсү бар?

– .., – министрликке талапкер суроону жоопсуз калтырды.

– Жооп жок, өкмөттүн 22 мүчөсү бар, сиз 22-си болосуз, – деп Текебаев өзү жооп берди, – Өкмөттө канча министерство бар, айта аласызбы?

– .., министрликке талапкер үн ката албады.

– Жооп жок, канча министерство бар айтпайсызбы? Жооп жок! Сооронбай Шарипович, муну сиз колунан жетелеп жүрүп иштетесизби? Андан ары, Улан Жумабекович, министр болуп келип калсаңыз, Атамбаев ички иштер министрлигинде кризис деди, кризистин 3 себебин айтып бериңизчи?  Атамбаев сизди ошол кризисти чечесин деп дайындап жөнөтсө керек. Ошол кризистин 3 себебин айтыңызчы?

– …, – бул суроо да Исраилов тарабынан жоопсуз калды.

– Биринчи Текебаевди камайсың! деп жөнөтүп жатат, билбейсиң, – деди Өмүрбек Текебаев, – мына, эми реформа жасайм деп жатасыз, реформа жүргүзсөңүз анда 4 артыкчылыктуу максатыңызды айтыңыз? – деп такыды башкы атамекенчи.

– Жооп жок, мына, ИИМдин 9-министри! Болду сиз менен баары түшүнүктүү болду, – деди Текебаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: