Menu

Алиязбек Алымкуловго көзү тирүүсүндө эстелик коюлганы туурабы?

Бөлүшүү:

Узаган жумада залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленип, Талас тарап каттуу дүңгүрөгөн. Ушул иш-чарага улай 10-ноябрда Бакай-Ата районунда аттуу-баштуу 20 кишиге тургузулган айкелдин ачылыш аземи болду.

Алардын арасында социалисттик  эмгектин баатыры Корчубек Акназаров, мурдагы жаштар министри, Апрель баатыры, азыр КРнын Алматы шаарындагы Башкы консулу болуп иштеп аткан Алиязбек Алымкулов жана авиация тармагында эмгек сиңирген Кубанычбек Козубеков сыяктуу көзү тирүүлөр да бар экен. Жергиликтүү бийлик кабарлагандай, айкелдердин ачылышына жалпысынан 3 млн. сомго жакын каражат кеткен. Акчаны айкели жасалган адамдар, алардын жакындары жана демөөрчүлөр беришкен. Бирок көзү өткөндөрдү айтпаганда да, берки тирүүлөрдүн ичинен А.Алымкуловдун айкелинин тегерегинде коомчулукта бир топ өйдө-ылдый сөздөр айтылууда. Ооба, анын 2010-жылы 7-апрелде башына ок тийип, Кудай жалгап ичер суусу, көрөр күнү түгөнө элек экен, тирүү калгандыгы белгилүү. Ошол эрдиги үчүн көп өтпөй Убактылуу өкмөт жаштар министрлигин түзө коюп, Алиязбек мырзаны министрлик креслого отургузган. Мындан башка деле Апрель баатырлары үчүн берилген сый-ургалдар менен жардамдардан куру калбады окшойт. Бирок бир белгилей кетүүчү жагдай, А.Алымкулов Чолпонбай Түлөбердиев агасына окшоп душмандын дзотуна көкүрөгүн тоскон жок да. Баарынан кызыгы, эстилигинин ачылышына өзү да катышкан менен “Бул тууралуу мен билген жокмун, айыл өкмөтү ушинтип чечиптир…”,- деп айтыптыр. Эми анын мындай сөзүнө ким ишенмек эле. Андан көрө 2010-жылы 7-апрелде революция болду беле же төңкөрүш болду беле? Андагы аянтта окко учкан 86 жигиттин максаты орундалып, кийинки келген бийлик берген антын аткардыбы деген суроолорго жооп берсе болмок экен…

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: