Таластагы тоо этегинен жансыз денеси табылган кыздын өлүмүнө шектелип үч бала кармалды. Бул тууралуу Талас облустук ИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, Талас районуна караштуу Долоно айыл өкмөтүнүн Орто Арык айылына караштуу аймактын тоо этегинен жаш кыздын жансыз денеси 14-ноябрда табылган. Ал 1993-жылы туулган А.В. аттуу кыз болуп чыкты. Анын өлүмүнө шектелип Талас районунун үч тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алардын бири 1999-жылы туулса, калган экөө 1994-жылы туулган балдар. Аларга “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ