Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ Талас облусуна барды. Чыңгыз Айтматовдун Шекер айылына барган соң, Талас шаарына келип драм театрдан жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Албетте, бул жолу деле мурдагы бийликтегилердин тушундагыдай тандалма адамдар менен жолугушуу болду. Арыз-муңун айткысы келген карапайым калк сагаалап кире алышпай сыртта ” калышыптыр. Демек, Сооронбай Жээнбеков үчүн арка-бел боло турчу Талас тарапта кишиси жоктугу ачык байкалды. Момбеков, Жумабеков, Молдобекова дегендердин өздөрүнүн кадыр-баркы чакталуу ал жакта. Анын үстүнө президенттик шайлоодо 88 пайыз добушту таластыктар Өмүрбек Бабановго беришкенин унутпашыбыз керек…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ