Menu

Фархат Бекмамбетов, Маданият министринин экс-орун басары: “Ата Мекендин мүчөсүсүң, иштебе деген эч ким болгон жок”

Бөлүшүү:

-Фархат мырза, орун басарлык кызматтан эмне себеп­тен бошоп калдыңыз?

-Кызматтан өз каалоом менен бошодум. Арызымды өз каалоом менен жаздым. Кызматтан кеткендигим боюнча Өкмөттүн буйругу кечээ күнү коомчулукка жарыяланды.

-“Фархат Бекмамбетов музейлерди оңдоп-түзөө боюнча Өкмөттүн эскертүүсүн укпай моюн толгогон, ошол себептен кызматтан алынды” – деп жатышпайбы. Моюн толгодуңуз беле?

-Ал жалган маалымат. Министрдин орун басары болуп бир эле жыл иштедим. Анын үстүнө каржылык маселелер, кадр маселелери мага карачу эмес. Мен мада­ният тармагын көзөмөлдөчүмүн. Өкмөт тараптанбы же башкаларбы, маалыматты бергенде туура эмес берип койгон окшойт. Ал маалымат жарыяланаары менен мен тиешелүү тармакка барып, эгер ушул негизде мени кызматтан алган болсоңор анда жаңылышасыңар деп өз оюмду айттым.

-Кызматтан өз каалоо менен кетүүнүн себеби болот да, чарчадыңызбы же башка пландарыңыз барбы?

-Башка пландарым бар. Мен министрликке чейин “Айтыш фильм” кино студиясында иштеп, эркин иштөөгө, эркин жүрүүгө көнүп калгам. Алдыда “Айтыш фильм” кино студиясы өткөрчү эки чоң фестивалыбыз бар. Ал фестивалдардын бири күзүндө Лос-Андже­лес шаарында өтөт. Тагыраак айтканда ал Азия кинолорунун фестивалы. Экинчиси болсо 31-август эгемендүүлүктүн урматына кара­та Бишкекте чоң айтыш фестивалы болот. Ага да эмитен даярдык көрө башташ керек. Мына ушундай жагдайлардан улам, өзүмдүн көнүп калган ишимди улантайын деген ой менен кызматымды өткөрүп бердим. Эми буюрса мурдагы жолума түшүп, чыгармачылык менен иштеп баштайм.

-Ата Мекен партиясынын мүчөсү элеңиз, 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо “Ата Мекенден” депутаттыкка талапкер болдуңуз эле. Кызматтан кеткениңизге партияга мүчө болгонуңуз себеп болгон жокпу?

-Ага байланышы жок. Эгер андай негизде кызматтан ала турган болсо, анда мурда эле алып ташташмак да. Иштеп турган учурда сен “Ата Мекендин мүчөсүсүң” деп жактырбаган көрүнүштөр эч болгон эмес.

-Сиз орун басар болуп турганда кандай маанилүү иш­тер аткарылды?

-Эң негизги көйгөй, министрликте каражат өтө эле аз. Бирок ошого карабай, колдон келишинче иштөөгө аракет жасадым. Көп иш-чараларды өткөрүү иштерине катыштым. Мисалга алсак, былтыр күзүндө Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлдү. Былтыр ошол оюндарга, маданий иш-чараларга даярданып жүрүп эле, ойдогу жасайм деген көп иштер экинчи планга калып калды. Быйыл да министрликтин аткара турчу иштери көп. “Ыйман, адеп жылына” карата алдыда бир топ иш-чараларды өткөрүү керек.

Булак: “Фабула”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: