Menu

Кубанычбек Исабеков, экс-вице-спикер: “Убактылуу Өкмөт – “самопал” өкмөт”

Бөлүшүү:

“Мамлекет канчалык коррупциялашкан болсо мыйзамы ошончолук көп болот” деген сөз бекеринен айтылбагандай. Эгемендүү өлкөбүз эки жолу революцияны башынан өткөрдү, ал ортодо баш мыйзамыбыз эчен жолу өзгөртүлдү. 2010-жылкы кандуу төңкөрүлүштөн кийин кабыл алынган баш мыйзамга 2020-жылга чейин өзгөртүү киргизилбеши керек эле, азыр болсо кайрадан өзгөрүүнүн алдында турат. Жогорку Соттун Конституциялык палатасы Конституцияны өзгөртүү боюнча бийликтин аракетин колдогон чечим чыгарды. Бийликтин кадамы туурабы же жокпу? Бул туурасында коомдук ишмер Кубанычбек Исабековдун пикирин угууну туура көрдүк.

-Агай, Конституциянын өзгөртүүгө негиз бар беле же бул жерде Атамбаевдин командасынын гана жеке кызыкчылыгы болуп жатабы бул тууралуу сиздин оюңуз кандай?

-Медалдын эки жагы бар дейт эмеспи, президенттин аппараты иштеп чыккан Конституциянын долбоору сунушталып жатпайбы. Биринчиден ким конкреттүү түрдө жазганы азырынча белгисиз. Экинчиден 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын көп кемчиликтери бар. Мына, Токтайым Үмөталиева Текебаев менен соттошконго чейин барып жатпайбы. Мен юрист катары айтсам, кээ бир беренелери чынында көп мыйзамдарга карама-каршы келет. Мисалы, Коргоо кеңеши дегенди Иосиф Сталин согуш убагында түзгөн. Чынында “Коргоо кеңеши” деген бул дүйнө жүзүндө согуш убагында гана түзүлөт. КМШ өлкөлөрүндө “Коопсуздук кеңеши” деген бар. Бул аскер жагынан, же болбосо чек-ара жагынан коопсуздук эмес, ал жер­де суу, тамак-аш, жана ошондой эле энергетика, миграция коопсуздугу баарын караса болот. Биз баарыбыз билебиз, 5-6 жылдан бери Прези­дент Коргоо кеңешинин баарын чакырып алып тапшырмаларды берип жатат. Юридикалык жа­гынан алганда бул туура эмес болуп жатат.

Азыркы Консти­туциянын дагы бир беренесинде жазылып турат Жогорку Кеңешке депутаттар шайланат деп. Чындыгында бизде партиялар шайланып, анан ошол партиянын тизмеси менен депутат болуп жатпайбы. Бул жерде дагы кемчилиги бар. Президент ички-сырткы саясатты алпарганга укугу жок. 5-чакырылыштын депутаттары Конституцияга карама-каршы келген мыйзамды кабыл алып койгон. Алсак, Президентке сырткы саясатты берүү боюнча, Консти­туцияга карама-каршы келген мыйзамдар иштебейт деп Баш мыйзамда жазылып турат. Мына ушундай бир топ эле туу­ра эмес беренелер , аны өзгөртсө болот. Премьер-министрге көбүрөөк укукту беребиз дегени менен Президенттин укуктарынан эч бири дагы өзгөргөн жок. Азыр баарын эле президент карап жатат, аппараты кийлигишип жатканын баарыбыз билебиз, өкмөт экинчи планга жылып калды. Эгер мындай болсо бардык жоопкерчиликти президент өзүнө алышы керек. Бизде Референдум аркылуу көп нерсени өткөрүп келишкен, алардын арасынан бүгүнкү күндүн талабына жооп бербегени да бар деп айта алам. Бизге 120 депутат керек беле, 55 аким-мэрлер, 7 губер­натор, 2 борборубуз бар. Толгон токой өкмөттүн мүчөлөрү турат. Килейген Америкада болгону 11 министр бар. Муну чиновниктердин армиясы деп койсок жаңылышпайбыз. Конституцияга өзгөртүү киргизгенде толук кандуу бизде мындан кийин өзгөртүү кирбейт же болбосо идеалдуу деп айтууга мүмкүнчүлүк жок. Шашылыш өткөргөндө эле бир чатак чыгып кетчү эле, мурунку президенттер да ушул Баш мыйзамга өзгөртүү киргизем деп бийликтен кубаланган. Айтарым Референдумга каршы чыгып жаткандарды дагы угушу керек эле президент, алардын ой пикирин угуп, бир аз аларга мүмкүнчүлүк бе­рип, сунуштарын кабыл алган соң Референдум өткөрүп, өзгөртүү киргизсе бул жакшылыкка эле алып келет деп ойлойм.

– Биз билгенден Конституцияны өзгөртүүгө биринчилерден болуп Өмүрбек Текебаев кар­шы турду. Эгер бул ишке Текебаевди кошкондо ал каршы болбойт эле деген кептер эл арасында айтылууда. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

-Бул жерде жеке эле кызмат жөнүндө эмес, бири-бирине жеке адамдык мамилесин дагы билүүбүз зарыл. Кээде президентибиз балп эттире сүйлөп салып жатпайбы, анан ал киши дагы таарынып калып жатат да. Булар бүгүнкү күндө иштеп жаткан конституцияны чогуу алып келишкен. Азыркы конституцияны кабыл алууда Убактылуу өкмөт, (самопальный өкмөт деп айта алам) бардык мүчөлөрү кол коюп, анан Референдумга чыгарып өткөрбөдү беле. Баарыңыздар жакшы билесиздер 31-августта борбордук аянтта Отунбаеваны баш кылып калган Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүн кошуп, президентибиз агынан жарылды го. Бу киши чыдабай айтып салдыбы деп ойлойм да. Мүмкүн башка жерден деле айтса болмок, улуу майрамды бузбай.

– Өзүңүз деле жак­шы билсеңиз керек, кечээ жакында оппозиция Курул­тай өткөрдү, алар­дын бул кадамы Баш мыйзамдын өзгөрүүсүнө бөгөт боло алабы?

-Жок, боло албайт! Курултайчылар үнү жогору жака жетпегенинен өткөрдү. Азыр бир топ массалык маалымат каражаттары бийликтин сөзүн сүйлөп калбадыбы, бул белгилүү иш. Мына жакында эле Көлдөн келдим, элдин көбү “кайда жүрөсүң, көрүнбөй калдың” – деп сурап жатышат. Мени КТР, ЭлТР, 5-канал, НБТ жана борбордук радиолордон чыгарбагыла деп команда беришиптир. Азыркы бийлик деле оппозицияда жүрүп келген, мен булар менен талашып-тартышып сен мен деген киши эмесмин көбү менен ушул убака чейин катышам. Минтип элди бөлүп жарганы туура эмес болуп калат, же мамлекеттин душманы болбосом. Азыркы бийликтегилердин баары, Атамбаев баш болуп Акаевдин ошондой эле Бакиевдин убагында чоң кызматтарда иштеген. Мына жакында мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды, мурунку бйликтин тушунда деле шайлоонун алдында же референдумга жакын мундай сыйлыктарды көп беришчү эле. Азыркы бийлик мурункуга караганда 2 эсе көп берди. Арасында татыктуусу жана татыксызы бар.

-Конституция өзгөрсө Жогорку Кеңеш тарайт деген кептер айтылууда бул мүмкүнбү?

-Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети чечим чыгара салды. Референдумда “Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда таралсын” деген беренени күн тартибинен алып салды. Референдум түп жаңы Конституция кабыл алынып жаткандан кийин депутаттардын моралдык укугу жок, Жогорку Кеңеш тарашы керек болуп калат. Бирок, менин жеке оюмда президент Жогору Кеңешти азырынча таратпайт. Себеби алдыда президенттик шайлоо турат. Эгер кетирсе анда кайра шайлоо белгилейт дагы бийлик өз партиясы менен добуштардын элүү пайыздан ашыгын алууга аракет кылат. Бул жерде Россиянын сценарийи ойнойт. Мындай оң-терс көрүнүшкө гана алып келет. Азыркы бийлик КСДП отуз пайызга жеткен жок деп актанганы менен “жардамчы” партиялары парламентке барбадыбы. Элди алдаган болбойт, адам өзүн-өзү алдай албайт башканы алдаса дагы. Шайлоолор азыр аукцион катары өтүп калбадыбы. Байкасан, Жогорку Кеңеш өзү сот, өзү бийлик, прокурор болуп жатат. Өкмөт мүчөлөрүн жана башка кызматкерлерди чакырып алып иштетпей эле күн сайын чогулуш болуп жатат. Бул туура эмес да, өкмөткө мүмкүнчүлүк бериши керек. Сурап ала турган убагы болот, өкмөттүн отчёт бере турган маалы келет. Депутаттар өкмөттү жамандап эле отурушат. Мен айткым келет андай болсо депутаттар өзүлөрүн- өзү жамандасын анда. Себеби өздөрү түзгөн өкмөт болуп жатпайбы.

-Эл арасында Атамбаевди айланасындагы адамдар элге жаман көрсөтүүдө деген сөздөр тарап жатат. Бул боюнча эмне айта аласыз?

-Тегерегиндеги адам­дар идеалдуу деп айтыш кыйын. Кадр саясатынан абдан аксап жатат. Туура, кээ бирлери Президентти уят кылып койгон учурлары көп эле кездешип жатат. Көчмөндөр оюндарын алсак, ачылышында баарыбыз жакшы билебиз белгилүү актёр Стивен Сигалды атка мингизип чыгарып, кыргыз баласын басмырлагансып атты жетелетип тигил үстүндө олтурат. Муну кайсы сценарист түздү? Анан эки желек менен чыгышты Кыргызстандын жана Түркмөнстандын. Андай болсо башталышында Кыргызстан менен көчмөндөрдүн желегин алып чыгышы керек эле. Ушундай кемчиликтер болду, эмкиде мындан дагы мыкты деңгээлде өткөргөнгө аракет кылыш керек.

Аалы Искендеров

Булак: “Ачык саясат”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 + = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: