Menu

Депутат Кубанычбек Жумалиевге: Сиз мамлекеттин бүтүндүгүн коргоо үчүн депутат болдуңузбу же өз байлыгыңызды жаап жашыруу үчүн келдиңизби?

Бөлүшүү:

Кезинде Акаевдин лаборанттыгынан премьер-министрлик креслого дейре жеткен Кубанынбек Жумалиев он жылдай (2005-2015) чээнде жатып, ар жак бер жакты талдап, бир учурда топтогон байлыгын көбөйтүп, тажрыйбалуу бизнесмен атыккан соң кайра саясатка сайран курууну чечсе керек. Минтип бакыйган депутат болуп, Жогорку Кеңештин төрүндө олтурат.

Кубанычбек мырзанын убагында Акаев менен биргеликте бир катар китептерге авторлош болуп, экөө жакшылык-жамандыкта жакшы катышкан жакын санаалаштардан болгондуктан азыркы убакка чейин мамилесин үзбөй келерин билебиз. Достуктун бекемдиги бир жамандыкта билинет дегендей, адамдын башынан бак кеткенде башкаларчылап тескери карай, тетири сүйлөп кетпей, жолдун алыстыгына, башка өлкө экендигине карабай жетимиш жаш юбилейлерге барып, жакшы сөздөрүн, каалоо-тилегин айтып коюу жигитчилик да. Антпегенде анан. Акаевдин арты менен байлык, бийликте эле эмес, илимде дагы зор секириктерди жасап, академик наамына чейин алып олтурганы бекеринен эмес чыгар. Ал эми анын карьерада жасаган укмуштуудай ийгилиги: билим берүү министринин орун басары, президенттин Аппарат башчысы, премьер-министр, Жалал-Абад облусунун губернатору, Транспорт жана коммуникация министри да болгону жана ал бийиктиктерге жеткиртен жолу эч кимге табышмак эмес. Анын устүнө ошол аралыкта Кукебиз Аскар байкесинин арты менен оңбогондой эле байлык топтоптур. Өзүн улуттун баатыры сезип, сүттөн акмын деп айтканы менен бийликке келбей, окумуштуу болуп Илимдер академиясынын тегерегинде жүргөндө мындай байлык топтоору күмөн болчу. Биздин бир катар чиновниктер мамлекеттик кызматка келген соң миллионер болуп чыга калаарын баарыбыз жакшы билебиз да. Эмесе, санап баштайлы. Бир эмес эки жолку революцияда тең тонолуп, талкаланып, атургай өрттөлүп кетсе да кайра тургузулуп ишке кирип калган, кытайлыктардыкы деген жарнагы бар ГОИН соода түйүнү, эмеректен тарта эшик терезеге дейре сатылган ТААТАН базары, Бишкектин Чүй көчөсүнүн чыгыш жагындагы гүл-жемиш өстүрүүчү жайлар (теплицалар), Горький көчөсү менен Туңгуч кичи районун көздөй бара жаткан жол жээгиндеги ЭВМ заводунун имараты, «Манас жаңырыгы» телерадиосу… Мунун баары Жумалиевдин жеке менчик байлыгы деп айтылып келет. Бул биз билген, эл ичинде айтылып жүргөн гана байлыктары. Эл билбегени канча дейсиз. Кыргызстандын башка аймактарында да бир топ имараттарды өзүнө менчиктештирип алган деген узун кептер айтылып жүрөт. Эмесе, суроо:

—Кубанычбек Мырзабекович, сиз мамлекеттин бүтүндүгүн коргоо үчүн депутат болдуңузбу же өз байлыгыңызды жаап жашыруу үчүн келдиңизби? Премьер-министр болуп турган чакта кандай иш жасай алдыңыз? Так байлыгыңызды жаап жашырбай айтып бересизби?

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: