Кытайдан келген дарыгерлер кыргыз кесиптештери үчүн онлайн-тренинг өткөрүшөт. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
«Азыр биз жумуш жөнүндө пикир алмашып жатабыз. Жакында дарыгерлерди аралыктан окутуу башталат. Бизде Мамлекеттик медициналык институт бар, ал жакта медицина кызматкерлерин даярдоо жана кайра даярдоо боюнча курстар өткөрүлөт. 4-5 күндүн ичинде лабораториялык анализ, эпидемиологиялык жумуш, дарылоо иштери жана башка курстары башталат. Биз бардык топторго курстарга катышуу жөнүндө маалымат тараттык. Бул курсту каалаган бардык дарыгерлер интернет аркылуу көрө алышат », – деди Үсөнбаев.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ