Menu

Урмат Акунов, жарандык активист: “Премьер-министр коррупция менен күрөшүүдө акылы жетпей жатат”

Бөлүшүү:

– «7-апрель шейиттери» мечитин курууга кеткен каражаттын булактарын аныктоо ишине тергөө жүргүзүлүп жатат. «Мечитти жөн койсо болмок» деген да пикирлер айтылууда…

– Бул жерде Атамбаевдин ар бир курулган мүлктөрү дыкат жана таза тергелиши керек. Бул курулуштарга кимдер акча салган, кимдер каржылаган, кандай багытта каржыланган? Ал киши бир ишти бүткөргөнү менен башканы бүлүндүрүшү мүмкүн. Сөз жок эле ошондой болушу мүмкүн. Эмне максат менен түрктөр салып берди? Койгон кандай багыты бар? Чындап эле Алланын ыраазычылыгы үчүнбү же мунун артында да саясый оюндар былгып жатабы? Ошол жагын караш керек.

– Атамбаевдин мүлктөрүн текшерүү канааттандырарлык жүрүп жатабы?

– Атамбаевдин көрсөтүлгөн мүлктөрү байлыгынын жарымы эле. Дагы дыкат иликтешсе, иштешсе көп нерсе чыгат. 2010-жылдан кийин Кыргызстанды биротоло менчиктештирип алгандай таризде жүргөн. Ошол негизде бул өз атына гана катталган мүлктөр. Чукул туугандарына али казылбай жатат. Кээ бир адамдарга негизсиз кылмыш иштерин козгоп, камакка алды. Бул жерде жалгыз эле Атамбаевдин эмес, анын айланасындагылардын мүлкүн да териштириш керек. Азыр бейкапар жүргөндөрдөн Чыныбай Турсунбеков, дагы бир катар депутаттар бар. Ошол убактагы прокурорлордун баарын жоопко тартыш керек. 2010-жылдан кийин коюлган ар бир прокурор саясый жооп бериши зарыл. Башмыйзамыбызда «прокуратура – көзөмөлдөөчү орган» деп турат. Кайсы жерде укуктар бузулуп жатат, кайсы жерде туура эмес иштер журүүдө, мунун баарын прокуратура туура тескеп бериши керек болчу. Бул жерде президентпи, карапайым адамбы, мыйзамдан чыгып, аша чапкан иштерди жасаса иш козголуш керек.

– Коррупция менен күрөш ооз жүзүндө эле айтылып калгандай… 

– Азыркы учурда президент эле коррупция менен күрөшкөндөй элес жаратып жатат. Бирок президент эмес, премьер-министр күрөшүшү керек болчу. Бул жерде премьер-министр өзү «коррупционер», же коррупция менен күрөшүүгө акылы жетпейт. Кайсы жерден көрүп-билсек айтып, жазып, ар бирибиз күрөшөлү да.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: