Menu

Сапар Исаков: Болот Сүйүнбаевди кызматка дайындаганыма эч качан өкүнбөйм

Бөлүшүү:

—Сапар Жумакадырович, ТЭЦ боюнча депутаттардын алдында мурда кийин иштеген өкмөт башчылар күнөөнүн баарын сизге оодарышууда. Ошол ишти жетектеп алып барганыңызга өкүнгөн жоксузбу?

-Жок, эч качан өкүнгөн жокмун. Себеби бул долбоор Кыргызстаныбызга энергетикалык көз карандысыздыкты алып келди деп айтсак болот. 2012-1013-жылдар Кыргызстан үчүн абдан оор жылдардан болгон. Депутаттар дагы ТЭЦтин реконструкциясы керек болчу деп айтып жатышат. Мунун баарын тарых өз ордуна коёт. Ал жерде чын эле коррупция болсо, коррупционерлерди жоопко тартыш керек. Күнөөнү күч органдары аныктап, сот чечим чыгарат. Ушул жерден аша чаппай иш алып барышса деп ойлойт элем. Тилекке каршы учурда саясый куугунтук болуп жатат. Мен мындан башка жол көрө албай жатам. Депутаттар 30 га жакын адамды тизмелеп, чечим чыгарып күч органдарына айтып беришти. Акыйкат чечим чыгыш керек.

—УКМК сизди кайра-кайра суракка алууда, камакка алуу коркунучу жокпу?

—Жок, андай коркунуч жок. УКМК күнөөсү бар, чоң коррупцияга шектүү адамдарды камайт. Мен коррупцияга аралашпасам, эч нерсе кылбасам эмнеге камакка алат? Камалгандан деле коркпойм, муну жасаш үчүн маанилүү далилдер керек. Кайсыл гана кызматта иштебейин өзүмдүн функционалдык милдеттеримди так жана жоопкерчилик менен аткарчумун. ТЭЦ боюнча иш алып барып атканда тышкы саясаттагы мыйзамдардын жобосу менен иштегенбиз. Кытай мамлекетине иш сапарга даярданып жатканда чогулуштарды өткөрүп, ар бир долбоор боюнча президентке айтып отчёт берип турдук.

—«Сактыкта кордук жок» дейт эмеспи. Камалып кеткенден көрө чет өлкөгө чыгып кетейин деген ойду да ойлонуп жатсаңыз керек..

-Чет өлкөгө кетүүгө ниетим жок. Ошончо эле кетүү мүмкүнчүлүгү болуп калса чоң акча тыйын да зарыл. Азыр андай акчам жок. Ошондуктан өзүмдүн мамлекетимден эч кайда кетпейм.

—Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев: «Мени Сапар Исаков чакырып алып бир топ акыл айткан. Мен чын айтып жатам, куран кармап берем» деди. Куран кармашууга жетсе сиз деле кармай алсаңыз керек?

—Куран кармаганга чейин жетсе ошол адамдын гана абийирине коюш керек. Жыйында ал киши айткандай чын эле жолугушуулар болгон. Мен аны чакырып алып: «Кожобек мырза далилденген нерселерди айтсаңыз болмок» десем, «Сапар Жумакадырович, мен түшүндүм, далилдерди издейин» деп кеткен. Кийин жыйында дагы маселе көтөргөнүнөн: «Далилдерди таап айтпайсызбы?» – деп катуурак эскерткем. Балким ошондо таарынып калгандыр. Депутат Рыспаев «СМИК» компанияны киргизүүгө абдан далалат жасады. Аракеттер башталганда Тышкы иштер жана энергетика министрлиги Кытай тарапка расмий түрдө: «СМИКти дагы көрсөтүп жатышат. Бизге так позицияңарды билдиргиле» деген нотаны жиберишиптир. Нота кеткенде Кытай тарап расмий түрдө: «ТВЕА компаниясы гана иш алып барат» деп жооп беришиптир. Баардык жерде чындык анан калыстык болуш керек.

—Баса, Аскарбек Шадиевди колдогондой, аны коргогондой таасир калтырдыңыз го?

—Аскарбек Шадиев кызматтан кетүү арызын жазгандан кийин жүрөгү кармап ооруканага жатып калды. Колдоо ирээтинде ооруканага 2 3 жолу баргамын. Ошондон кийин таптакыр байланышка да чыга албай, таппай калдым.

—Осмонбек Артыкбаев сизди күнөөлөп, баардык иш сиз аркылуу тейленгенин айтты…

—Президент: «Ушул нерсенин баарын изилдеп мага сунуш киргизгиле» деп айтып жатат. Артыкбаев министр катары изилдөөлөрдү өткөрүп жыйынтыкка келгенде расмий түрдө президент менен өкмөт башчыга сунуштама берди. Бул кишини бирөө кыйнаса анда башка кеп. Андай болгон эмес да. Осмонбек Мамбетжанович туура эмес жасады деп эсептебейм. Өзүнүн милдеттерин гана аткарды.

—Кытайга канча жолу барып, ТВЕА боюнча алардын өкүлдөрүн канча жолу кабыл алдыңыз эле?

—Кытайга расмий түрдө президент менен 4-5 жолу барыптырмын. Ишенбесеңиздер журналист катары чек арага сунуштама берип, тактап алсаңыздар болот.

—Өкмөт башчы болуп турганда ТЭЦке бир дагы жолу барып кабар албаптырсыз. Бул окуя болоорун күткөн жок белеңиз?

—Мен өкмөт башчы катары башка иштер менен алектенип калдым. Ал эми ТЭЦ боюнча вице премьер-министрлер иш алып барышкан. Мен барган күндө дагы адис болбогондуктан маселе бар же жогун билмек эмесмин.

—Алмазбек Атамбаев бул жөнүндө эмне деп жатат?

—Алмазбек Шаршенович учурда процесстерди байкап турат. Өзүнүн позициясын убакыт-сааты келгенде билдирет деп ойлойм.

—Раим Матраимовду мыйзам чегинде алгач сөгүш берип, кийинкисинде эскертүү жасап анан кызматтан алдыңыз беле?

—Мыйзам чегинде гана кызматтан алгам. Тиешелүу сунушту мага Бажы кызматынын ошол убактагы башчысы Азамат Сулайманов киргизген.

—Экөөңүздөр өчөшпөй эле жигитче чечишип алсаныздар болбойт беле?

—Кызматтан алаар күнү Раимбек Матраимовду абдан издетип таба албай койдук. Жардамчыларым көпкө издешти. Өзү менен сүйлөшүп, каталарын көрсөтүп анан кетирейин дегем. Буга күбө кишилер дагы бар.

—Өткөн жума УКМКнын кызматкерлери Кубанычбек Кулматовдун үйүн тинтүүгө алышыптыр, сиздин да үйдү тинтүүгө алышпайбы?

—Эгер бул тергөө иштерине керек болсо каршы эмесмин. Мыйзамдуу тергөөгө эч качан тоскоолдук кылбайм.

—Сизди өтө көп байлыгы бар адам катары билебиз. Өмүр бою айлык менен жашагансыз да. Айлык менен ушунча байлыкты топтосо болобу?

—Азыркы айдап жүргөн машинаны ижарага алгам. Өмүрбек Текебаев көтөрүп ызы-чуу кылып чыккан батиримди саттым. Учурда убактылуу батирде жашап жатабыз. Өзүмдүн коопсуздугум үчүн машинаны алып, инимдей болуп калган адам жанымда жүрөт.

Тергөө иштерин саясый куугунтук деп атаптырсыз. Эгер сизге саясый куугунтук болбосо суракка барбашыңыз керек беле?

—Мыйзамды эч качан бузбай суракка сөзсүз барышым керек, тескерисинче.

—Парламентте отчётуңуз каралаардан бир күн мурун сизди депутаттарды кабыл алып, «Колдоп койгула!» деп суранып жатыптыр деген сөз чыккан. Кимдерди кабыл алдыңыз эле?

—Өзүм менен мамилеси бар депутаттарды чакырып сурап жаттым. Кээ бирлер өздөрү келишти. Абалдын кандай экендигин сурагам. Айрымдары: «Сапар Жумакадырович, мен сизди колдойм. Биз бир командабыз» деп айтып кетишкен. Анан эле ошол «Бир командабыз» дегендер парламентте катуу сөздөрдү айтканда шок болуп калдым. Бул мен үчүн турмуштук, саясий чоң сабак болду.

—Саясатты терең билгендер, «Сапар Исаков өкмөт башында күзгө чейин олтурмак. Каржы полициясына Болот Сүйүнбаевди жетекчи кылып дайындап, отставкасын эртелетип алды» деген «прогноздорду» айтышууда. Сиз кандай жооп айтат элениз?

—Кандай гана сөз айтпайлы баары буйруктан экен. Ошол учурда өкмөт башчылыктан кетиришти. Болот Сүйүнбаевдин жаман жагын көргөн эмесмин. УКМКдан өз арызы менен кызматтан кетиптир. Болот көп жылдан бери партияда Алмазбек Шаршеновичтин жанында жүргөн жигит. Сооронбай Жээнбеков менен мамилеси начарбы аны да билбейбиз. Мунун баарын депутаттар айтып жатышат. Тергөө иштери боюнча күчтүү, тажрыйбалуу жигитти орун басар кылып алып келгем. Каржы полициясында токтотулуп турган көп иштерди жандандырайын дегем. Болот Сүйүнбаевди кызматка дайындаганыма эч өкүнбөйм. Кандай гана чечим чыгарбайын, баарына өкүнбөйм. Kaтa кетиргенде чыгып элге ачык айтчумун. Өкмөт башчынын баардык кадамдары элге ачык болгону жакшы.

—Өкмөттү башкарып турган кезде пенделикке алдырып, кандай ката кетирдиңиз?

—«Хуавей» компаниясы менен келишимди түзүп, изилдөөлөрдү баштаганда Кыргызстанга пайда алып келбешин билип, келишимди тынчтык жолу менен буздум. Бул мен жактан ката болуп калды. Бирок катаны оңдодум. Кыргызстандагы «айтишниктерди» чогултуп, төрт кесилиштеги камераларды коюп, ишти баштадык. Камералар турган жерде машиналар баардык эрежелерди сактап өтүп жатышат. Бул деле чоң жетишкендик. Чоң жана кичине каталар болгонун ачык айтам, бирок ондогонго аракет жасадым.

—Кызматтык дайындоолоруңузду Алмазбек Атамбаев менен кеңешчү белеңиз?

-Чоң кызматтык дайындоолордо албетте кеңешчүмүн. Бирок Алмазбек Шарщенович тигини муну дайында деп эч качан мага айтчу эмес. Бул жагынан абдан ыраазымын. Бир эле Алмазбек Шаршенович эмес, парламенттеги партиянын лидерлери менен кеңешип турчумун.

—Сиз кызматта турганда ийилип турчулардын баары бүгүн башка командага өтө качышты. Өзүңүз ушундай болоорун сезгенсизби?

—Бир аз андай сезимдер болгон. Бирок мынчалык болуп кетээрин күткөн эмесмин.

—Кеңешчилериңиздин айрымдары сиз кызматтан кетип жатканда арыз жазбайбыз деп чыгышкан экен, чынбы?

—Жалган маалымат.

—Алмазбек Атамбаевден жүз буруп кетип, өкмөт башчылык креслоңузду сактап калуу мүмкүнчүлүгүңүз бар эле. Эмнеге ушул ишке барган жоксуз?

—Мен андай адамдардын катарын толуктабайм.

—Келечектеги карьералык өсүшүңүздү кандай багытта көрө аласыз?

—Бейиши болгур атам 43 жыл өлкөнүн түштүк аймагында иштеди. Мага дайыма тарбиялаганда: «Эч качан жаман нерсеге барба, бирөөгө жамандык кылса, бирөөнүн чөнтөгүнө кол салба, түз жүр» деп айтчу. Ушундай тарбия берген атама ыраазымын. Келечекте Кыргызстаныма чынында пайда алып келе турган кызматка чоң-кичинесине карабай барам. Ар бир адамдын турмушунда өйдө-ылдый болот экен. Азыр менин жашоомдо ушундай абал болуп жаткан учур. Сөзсүз муну да көрүшүм керек эле.

Баян Кулова

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: