Башкы прокуратура Ош мэриясы тарабынан 436 чарчы жер тилкеси менчикке мыйзамсыз берилгендигин аныктап, 305-статьясы (“Жер мыйзамдарын бузуу”) жана 304-статьясы (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча кылмыш ишин козгоду. Маалым болгондой, былтыр 21-июлда Ош мэриясы жергиликтүү жаранга Сулайман-Тоосунун түштүк тарабыңдагы 436 чарчы метр жерге “түрдүү курулуш курууга” уруксат берген. Бирок бул жер Ош шаарынын башкы планы боюнча жалпы пайдалануудагы тилке болгон. Мындан тышкары ал жер тектоникалык туруксуз тилке катары саналып, ал жактагы жашоочуларды жана курулуштарды башка жакка көчүрүү каралган. Минтип мэр Айтмамат Кадырбаевдин улам бир былыгы чубалып, башына кара булут айланууда. Үзөңгүдөн буту тайчу чекке келип калды окшойт.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ