Бүгүн, 27-ноябрда «#REакция» аттуу жарандык акциянын катышуучулары президентке жана парламентке кайрылуу жөнөтүштү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Алардын айтымында, кайрылууда беш талап коюлган. Алар:
1.«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн иликтөө боюнча териштирүү жүргүзүү;
2.Бардык укук коргоо органдарынын жетекчилерин кызматтан кетирүү;
3.Коррупция тууралуу айтып чыккан журналисттердин жана активисттердин коопсуздугун камсыз кылуу;
4.Реформа жүргүзүү жана паракорчулук менен күрөшүү;
5.Түркияда өлтүрүлгөн уйгур улутундагы ишкердин өлүмүн иликтеген депутаттык комиссияга жарандык коомдун өкүлдөрүн кошуу.
Эске сала кетсек, 25-ноябрда, Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «#REакция» жарандык акциясы болуп өткөн.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ