Бүгүн, 10-сентябрда Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, РИИБдин адистери, аймактык башкармалыктардын Экономика жана каржы бөлүмүнүн кызматкерлери жана санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору борбор калаанын ар бир районундагы коомдук тамактануу жайларын текшеришти. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, адистер 40ка жакын мекемени текшерип, 8 мекемеде санитардык эреженин бузулгандыгын аныкташкан.
“Азия” кафесинин, “Улуу-Тоо” чайканасынын, “Береке”, “Нур Суфра”, “Дасмия”, “Ак-Сарай”, “Сый-Ордо” ” Ала-Тоо” ресторандарын администрациясына карата КР “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 293-беренесинин негизинде протоколдор түзүлдү. Тартип бузгандар үчүн экинчи категориядагы айыппул каралган – жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом – деп айтылат маалыматта.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ