Каракол шаарында алтын сөйкөлөрдү уурдады деген шек менен аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга 29 жаштагы А.А. аттуу тургун кайрылып, 14-сентябрда “Бугу” базарындагы зер буюмдар дүкөнүнөн белгисиз адамдар алтын уурдап кетишкенин билдирген. Буюмдун баасы 16 миң 800 сомду түзөт.
Бул билдирүүгө ылайык, окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, алтын буюмдарды уурдаган шектүү кызды кармашкан. Ал Түп районунун Коочу айылынын 26 жаштагы Б.А., аттуу тургуну болуп чыкты, андан алтын сөйкөлөрү заттык далил катары алынган.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (“Уурулук”) менен сотко чейинки өндүрүш башталды.
Сотко чейинки процесстин алкагында шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы текшерилет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ