Жөө күлүк Даниэл Жээнбеков Ысык-Көлдү айланып, 440 чакырым жолду чуркап өттү.
Риелтор-фрилансер болуп иштеген 32 жаштагы Даниэл 5 күндүн ичинде 440 чакырымдан ашык аралыкты чуркап өттү. Аны 5 күн бою 5 кишиден турган топ коштоп жүрдү.
Жарыш 12-сентябрда Чолпон-Ата шаарында саат 6:00дө башталып, 16-сентябрда саат 22:35те старт аянтчасында аяктады.
Даниэл 2016-жылы чуркай баштаган, ага чейин жаа атуу боюнча Кыргыз курама командасынын мүчөсү болгон. Мындан тышкары, ал триатлон менен алектенет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ