3-сентябрдан 17-сентябрга чейин Кыргызстандын Россиядагы элчилиги биометрикалык маалыматтарын тапшырган, консулдук органдарда каттоодон өткөн жана №2 формасы боюнча Москва шаарында добуш берүү ниетин билдирген 3300 жаранды кабыл алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Росииядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ошентип, 16-сентябрга карата Москва шаарында 5 миңге жакын шайлоочу алдын-ала каттоодон өткөн.
Россиянын аймагында 11 шайлоо участкалары түзүлгөн. Ошол эле учурда, элчиликтин маалыматы боюнча, биринчи жолу элчиликте эки шайлоо участкасы ачылат.
Россиянын Элчилиги жана Ички иштер министрлиги Россиянын аймактарында түзүлгөн бардык УШКларда шайлоо алдында жана добуш берүү күнү коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш алып барышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ