Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин кызынан пара алууда ортомчулук кылган деген айып менен 1,5 жылга эркинен ажыратылган мурдагы депутат Хажимурат Коркмазов жакында эркиндикке чыгат. Бул тууралуу анын адвокаты Кайрат Загибаев жергиликтүү маалымат агентигине билдирген.
Анын айтымында Кормазов 10 айдан бери УКМКнын убактылуу кармоочу жайында олтурат. Ал эми мыйзамга ылайык, убактылуу кармоочу жайдагы бир күн эки күнгө эсептелгендиктен ал жазысын өтөп бүттү. Ошондуктан ал жакынкы күндөрү эркиндикке чыгарылышы керек.
Эске салсак, Биринчи Май райондук соту президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев экс-мэр Нариман Түлеевдин кызынан 200 миң доллар пара талап кылган, ал эми Хажимурат Коркмазов бул иште ортомчулук милдетти аткарган деп айыптап, Нарымбаевди 3, ал эми Коркмазовду 1,5 жылга эркинен ажыраткан эле. Кечээ бул ишти Бишкек шаардык соту карап, Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ