«Жел болбосо чөптүн башы термелбейт» дегендей, биздин жогорку кызматты аркалаган аткаминерлердин диплом маселеси тууралуу маалымат айдыңында дамамат талкуу жүрүп турат. Ырасында, базардан «Кызыл кулактык» кылып байыгандар, акчасы көбөйгөндө диплом сатып алып бийликтин бийик сересине секирик жасагандар жок эмес. Мына буга чейин Жалал-Абад облусунун башчысы Кыянбек Сатыбалдиев менен Ош облусунун жетекчиси Таалай Сарыбашевдин жогорку билимдүү экенин тастыктаган диплому жасалма экени айтылган. Кыянбек мырза жалган деп танып чыкты. Таалай мырза лам деп ооз ачкан жок. Демек, мандем болушу мүмкүн да… Ак же көк деп койсо болмок… Үндөбөй койсом үйдөй балээден кутулам деп унчукпай койгону макул болгонду билдирип жатабы?
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ