Menu

Нооманжан Аркабаев, экс-депутат: “Атамбаев мага секретарша менен шоопурга да ишенүү кыйын болуп калды деп айткан”

Бөлүшүү:

— Номанжан мырза, сиз парламентте депутат болуп турганыңызда депутаттар Алмазбек Атамбаевди “сенин баткенчи аваң” дешип, сизге тууган кылганы чындыкпы? Бул сөз эмнеден улам айтылган?

— 2007-жылдын май айы болчу. Мен анда Жогорку Кеңештин 3-чакырылышынын депутаты элем. Кайсыл бир иштер менен ошол кездеги премьер-министр Алмазбек Атамбаевге кирип калдым. Иш бөлмөсү Акүйдүн 7-кабатынын түндүк-батыш тарабында жайгашкан экен. Сөзүбүз аяктап калганда мен ага төмөнкүдөй суроо бердим: “Алмаз байке, өткөн жолу сизди ууландырып өлтүрөбүз дегендери чынбы?”

“Ооба, атаңдын оозун урайындар, — ​деди ал, кабагын чытып. — ​Ошондон бери оюм ордунда эмес. Ошондон бери өкмөттүн буфетинен тамактанганды токтоттум. Эртең менен жеңең пакетке сыр, жумуртка, колбаса, булочка, минвода салып берет. Обед учурунда ошол үйдөн апкелген эле азыктарды жеп алам. Азыр доско да ишенип болбой калды. Билесиңби, азыр эшик ачылып, секретарым же шоопурум кирип келсе да, чочуп кете турган болдум. Секретарь менен шоопурга да ишенүү кыйын болуп калды…”

Ушу күндөрү Алмаз Атамбаевдин жогорудагы сөздөрдү айтканына туптуура 10 жыл болду. Ошондо Башбакандын жогорудагы сөздөрүн кээ бир депутаттарга айтсам, алар: “сенин баткенчи аваң да” деп, дуу этип күлүп калышкан…

2016-жылы белгилүү укук коргоочу Азиза Абдрасулова “Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөргө байланыштуу аны мажбурлоо иретинде психиатриялык медициналык кароого кириптер кылуу” жөнүндө Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотуна арыз менен кайрылып, коомчулук экинчи жолу “дуу” эткен эле. Арадан бир айдан ашуун убакыт өткөн соң, Атамбаев: “ Пушкин менен Тургеневдин ата-бабасы кыргыз болгон; индиялыктар, силер соода кылганды кыргыздарчалык билбейсиңер, ошондуктан чайды силер өстүрүп, пайдасын башкалар көрүүдө; нарындыктар — ​малсыңар; таластыктар адам эмес; кээ бир оштуктарды таш бараңга алып өлтүрүү керек” деп, “эркелеп” калган кези экендигине карабастан, Биринчи Май райондук соту “баласы урушчаактын энеси болушчаак” дегендей, укук коргоочуга: “Атамбаев куландан соо болгондугуна байланыштуу сиздин арызыңызды канааттандырууга эч кандай негиз-пегиз жок” деген токтом чыгаруу менен жооп берген.

Абдрасулованын сотко берген арызы ажобузду ойлондурбастан, тескерисинче, Азиза сулууга өчөштүбү, айтор, эл аралык трибунадан туруп алып: “чек ара маселеси Каримов өлсө чечилет, Назарбаев алжыган диктатор” ж. б. генийлердин башына келбеген “улуу” ойлорду айта баштады.

Ажолуктан кеткен соң, “эшектен түшсө да ээрден түшпөптүр” дегендей, бийликтен кеткендигин унутуп: “Соке жакшылыкты унутуп калыптыр, 7-апрелде 10 миң кишини Ак үйдүн алдына алып чыгам, Бабановду чакырып, Сокени талатам…” дегендери да Алмаз баткенчинин “куудулдук” таланты кайра козголо баштагандыгынан белги берген сыяктанат.

Алмазбек байкенин 10 жыл мурдакы сөздөрү менен соңку мезгилде айткандарын салыштырып көрсөм, “прогресс” күчөгөндөй…

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − 22 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: