Menu

Батукаевден дарбыган кылмыш

Бөлүшүү:

ИИМдин тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз түрдө бошотулушу боюнча ишин карап бүттү. Аталган иш Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен иликтенип, материалдар 27-сентябрь күнү Башкы прокуратурага жиберилген.

Маалыматтарга караганда, сотко чейинки териштирүүдө 19 шектүүгө билдирме берилип, алардын ичинде УКМКнын мурдагы башчысы Бусурманкул Табалдиев дагы бар. Ага шектелип жатканы боюнча сырттан билдирме берилип, эл аралык издөө жарыяланды (Бусурманкул Табалдиев 2006-жылы Бакиевдин жана 2013-жылдан 2015-жылга чейин Атамбаевдин башкаруусунда УКМКнын башчысы болуп турган.)

Кылмышка шектелгендердин 18и иштин материалдары менен таанышып, 14ү тергөө менен иштешүүгө макулдугун беришти.

Эске салсак: Азиз Батукаев 2006-жылы баңгизатты мыйзамсыз сактоо, жарылуучу заттарды мыйзамсыз алып жүрүү жана массалык баш аламандыкты уюштуруу боюнча айыпталып, Аламүдүн сотунун чечими менен 16 жылга эркинен ажыратылган. 2008-жылы абак тартибин бузганы үчүн эки жыл жаза мөөнөтүнө кошулуп, Нарындын №24 абагына которулган. 2013-жылдын апрель айында “оор дартка кабылды” деген себеп менен Нарын шаардык сотунун чечими менен мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, Чеченстанга учуп кеткен. Андан жыл айланбай аталган кримтөбөлгө КРнын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан эл аралык издөө жарыяланган.

Анын бошотулушу боюнча бир катар мурдагы аткаминерлер менен дарыгерлер да суракка чакырылып, кээси камакка алынган. Ал эми мурунку башкы прокурор Аида Салянова, ошол кездеги вице-премьер Шамил Атаханов жана саламаттык сактоо министри Динара Сагинбаева тергөө менен кызматташмай болду деген жүйө менен үй камагына чыгарылган.

Батукаевдин бошотулушуна Алмазбек Атамбаевдин да түз тиешеси болгон деген кине менен мурунку президенттин өкүлдөрүнө үч ирет суракка чакыруу берилген. Атамбаев ИИМге баруудан баш тарткандан кийин 7-август күнү УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгү мурунку президентти мажбурлап алып келүү тапшырмасы менен анын Кой-Таштагы үйүнө басып кирген. Бирок Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, акыркы маалыматтар боюнча, 140ка чукул адам ар кандай жаракат алган.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: