Menu

Телесуфлерду аңдабаган коомчулукту Чыңгыз Айдарбеков дүрбөтүп койду

Бөлүшүү:

Коомчулук сабатсыздыкка каршы күрөшүп, спикер Жумабековдун Казакстандан орусча текстти тыңгылыктуу окуй албаганы нааразычылык жаратып атканда, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков БУУдан сүйлөгөн сөзүн интернетке жарыялатып жиберип, упай алууга ашыкканын байкатып койду. Алгач коомчулук өлөрчө мактап атты эле, анан бир күн өтпөй Айдарбековдун телесуфлерду пайдаланганы ачыкка чыгып калбадыбы. Сырттан караган адамга байкалбаганы менен докладчынын көз алдынан даярдалган текст жүгүрүп турат. Кыраатына сала окуй берсең болот. БУУда тышкы иштер министри милдетин аткарып, Кыргызстандын атынан сүйлөп атат. Бул анын иши да. Тилекке каршы, интернет колдонуучуларыбыз ушунчалык баёо, көпчүлүгү “эл дүрбөсө эшек кошо дүрбөйт” дегендей, алысты көрө албаган бир байкуштар болсо, анан түшүнүп-түшүнбөй министрди макташып, кайра айный беришет тура…

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: