Menu

Карамат Орозова, ЖК депутаты: “Мен Баатыр эненин кызымын”

Бөлүшүү:

– Сизди дайым күтчү адам ким?

– Мени апам дайыма күтөт. Мен канча жашка келсем да апама кичине сезиле берем. Мен Баатыр эненин кызымын. Апам Орозова Апиза Ата-Мекендик согуштан кийин өлкөнү калыбына келтирүүдө кызмат кылган. Тылда иштеген. Өзү чебер, өмүр бою тигүүчү болуп иштеп, ардактуу пенсияга чыккан. Биз сегиз бир тууганбыз, эки эркек, алты кыз. Биз баарыбыз 2-3 окуу жайды аяктаганбыз. Апам мектепте жакшы окуган экен, согуштун айынан окубай калып арманы аябай күч, ошон үчүн бизди окуу жагынан тоскоол болгондун ордуна дайыма окугула деп урушчу. Апам ушул күнгө чейин китепти айыртып отко салдырбайт. “Китеп окуп адам болдуңар, китеп айрыбагыла” – деп урушат. Эжелерим, мен, анан эң кичүү иним мугалимдербиз. Азыр бош убактым боло калса эле апама жөнөйм. Апам 90 жашка чыккан, ал мени дайыма күтөт. Колдон келишинче күттүрбөй, тез-тезден барып турам. Бир күндө жок эле дегенде бир саат убактымды апама бөлүп, сүйлөшүп отурсам көңүлү көтөрүлүп калат. Кары адамдын көңүлүн баалуу буюмдар менен же кооз кездемелер менен көтөрө албайсың. Болгону жакшы мамилең менен сырдашып, сүйлөшүп отурсаң ошондон ырахат алат. Апам дем алыш күндү аябай күтөт, мени көргүсү келет, ошон үчүн башкага болбосо да апама убакыт табам.

Булак: “Фабула” 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: