Menu

Мэр Албек Ибраимовдун орун басары – вице-мэр Ренат Макенов коррупция фактысы боюнча камакка алынды

Бөлүшүү:

Кечээ, 6-июлдун кечинде Улуттук коопсуздук кызматы Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Ренат Макеновду жана мэриянын Жер ресурстарын башкаруу башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзакановду шаардагы жер участокторун жеке жарандарга бөлүп берүүдөгү коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагындагы сурактан кийин абакка алган. Бул тууралу бүгүн, 7-июлда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Эсиңиздерге сала кетсек, Генпрокуратура 5-июнда Бишкек мэриясынын Жер ресурстарын башкаруу башкармалыгы (мурун Муниципиалдык менчик башкармалыгы деп аталган) тарабынан жер участокторун мыйзамсыз бөлүп берүү фактысын таап, кылмыш ишин ачып, иликтөөнү УКМКнын тергөө башкармалыгына тапшырган. Иштин материалдары боюнча Бишкек мэриясынын Муниципиалдык менчик башкармалыгы 2014-жылы октябрда 12-кичирайондогу 3,38 гектар жерди жеке адамдарга 1 жылга ижарага берген.

Ал жер участогу коомдук пайдалануудагы жер экениине карабай Муниципиалдык менчик башкармалыгы 2015-жылы декабрда Бишкек башкы архитектура башкармалыгына ал жердин функционалдык максатын өзгөртүүгө материалдарды жөнөткөн.

Бишкек башкы архитектуранын кызмат адамдары мыйзамды бузуу менен ал жерди “соода-көңүл ачуу борборун” курууга ылайыктап шаардык курулуш чечимин чыгарып, ижара мөөнөтүн узартууга сунуш берет.

2016-жылы февралда Жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия ал жердин ижара мөөнөтүн узартып берет. Ага ылайык Бишкек мэриясынын Муниципиалдык менчик башкармалыгы ал жерди 5 жылга ижарага берүү боюнча жеке адамдар менен келишим түзөт.

2017-жылы ал жерди өздөштүрбөй туруп эле 4кө бөлүп, “Б.С” аттуу жабык акционердик коомго сатып жиберишет.

Генпрокуратура кылмыш ишин КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча козгогон. Бирок УКМК ишти тергөө учурунда аны 303-(1 б.) коррупция беренесине алмаштырган.

Азыр Ренат Макенов менен Урмат Мурзаканов УКМКнын тергөө абагында олтурушат.

Ренат Макенов 2014-2017-жылдары Бишкек мэриясынын Муниципиалдык менчик башкармалыгын жетектеген. Ал эми 2017-жылдын 8-августунан тартып биринчи вице-мэр болуп дайындалган. Мэр Албек Ибраимовдун өтө жакын өнөктөшү экени айтылат.

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: