Menu

Таластагы ор казгыч Мирлан Эсенгулов бирди көргөнү калдыбы?

Бөлүшүү:

Талас шаардык кеңешинин төрагасы Мирлан Есенкулов көптөн бери «ор» казып, шаар мэри Айдар Жусупбековду ээрден оодара албай убара тартып келүүдө. Президент Сооронбай Жээнбеков жай мезгилинде Талас облусуна иш сапар менен барганда «Республика-Ата Журт» партиясынын Талас шаардык кеңешинин депутаты Аскар Шабдановдун оозу менен мэрдин үстүнөн «жугундуну» болушунча төктүргөн. Мирландын «артын» жалаган Шабданов ажого алынын жетишинче даттанып, аягында ишеним көрсөтпөө үчүн добуш жетпей жатканын айтып муңканган. Көрсө, Есенкуловдун этегине намаз окугандар 31 депутаттын 21 ийгере албай коюптур. Демек, булардын ниети түз эмес да. Муну Президент деле дароо баамдаса керек, көчөнүн ушагына азгырылбады. Мындан Мирлан Есенкуловдор жыйынтык чыгарбай, дагы деле «тиш» салууда. Колунан коко тыйын келбегенден кийин калп эле кандекчесинен каңкылдай бербей тынч жатпайбы.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: