Menu

“Тазалыктын” кызматкерлери эки күндөн бери шаар көчөлөрүн тазалоодо

Бөлүшүү:

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эки күндөн бери шаардын көчөлөрүн, тротуарларды, аялдамаларды кардан тазалап жатышат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 23-декабрда билдирди.

Бүгүн эртең менен көчөлөргө 123 тонна туз себилген. Көчөлөрдү тазалоо иштерине 20 кызматкер жана 38 атайын техника тартылган.

Андан сырткары Бишкек шаары боюнча “Тазалык” муниципалдык ишканасынын 700 кызматкери штаттык режимде иштеп жатышат. Жолдорго жана тротуарларга туз себүү иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө.

“Тазалыктын” кызматкерлери автоунаалардын жол жээгинде туура эмес токтогулганына байланыштуу кыйынчылыктар жаралууда. Автоунаалар атайын техниканын жүрүшұнө тоскоолдук жаратып, тазаланбай калышына себепкер болууда. Буга байланыштуу чоң жолго автоунааны токтотпонуз” – деп суранышат Бишкек мэриясынан.

Эскерте кетсек, даттануулар же сунуштар болсо Бишкек шаарынын төрт районунун акимдеринин орун басарларына төмөнкү номерлерге сүрөттөрү менен чогуу жиберүүгө болот:

-Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0550 997 927 же (0312) 656878;

-Турсалиев Алмаз Жакыпбекович (Октябрь району) — 0 772 192 074 же (0312) 576380;

-Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич (Биринчи май району) — 0555 666 096 же (0312) 661537;

-Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0703 611 806 же (0312) 360707.

Ошондой эле мэриянын Call-борборуна күнү-түнү 1840 жана 1850 номерлерине чалып, сүрөттөрдү 0554-182-185 номерине жөнөтүүгө болот.

Булак: «KyrgyzToday»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 81 = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: