Menu

Видео – Эл керегине жараган “Камчыбек Жолдошбаев атындагы канал”

Бөлүшүү:

Алыскы Ат-Башы районунда тоонун көк кашка суусун аймактын бир нече айылдарына тартып, 6000 гектар жерди суугарган “Камчыбек Жолдошбаев атындагы канал” бар.

1998-жылы катардагы бизнесмен Камчыбек Жолдошбаевге Ат-Башы районуна караштуу Кара-Коюн, Кара-Булуң, Казыбек жана Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн тургундары кайрылышкан: “Суудан куурадык. Тоодо ушунча суу көп болсо да талааларга, айылдарга суу жетпей, сай менен агып кетип жатат. Анын бир нугун буруп, канал салып, элге жеткиргенге бизден бир азамат чыкпады. Өкмөт “акча жок” деп моюнун кууштурат. Сенин ата-бабаң ушул жакта туруп, “эл башы болгондон көрө суу башы бол” дегендей суу башы болушкан эле. Ата-баба жолун жолдоп, бир канал салып берип, суудан куураган элдин сообуна калсаңчы”, деп жабалакташкан.

Ал кезде талааларга суу жетпей, эгини, чөбү өспөй калып, кышында тоют жетпей, элдин малы кырылган да күндөр болгон экен. Өзгөчө эгемендүүлүктөн кийин кайра куруу заманында элдин баары жан багыш үчүн борборго көчө башташкан.

Илгери Камчыбек Жолдошбаевдин атасы мурап болуп иштеп, чоң аталары Сары, Шералы, Сарыкул арык чаап, анын өзөгү бир нече жылга жеткен. Кийин эскирген сайын суу жерге сиңип, көп агып келбей калган. Мөңгү ээрибей калган жылдары эл малын багалбай кыйналган.

Кыргызда “Атага тең уул, атадан кем уул, атадан артык уул” деп бекеринен айтылбаса керек. Атадан артык уул болгон Камчыбек Жолдошбаев ата-бабасы жердеген жерге бетондон канал курганга бел байлаган. Ал кезде өзүнүн краны жана техникалык каражаттары бар болуп, алар ишке жараган. 100 миллион сом каражатка 10 чакырым узундукта бетон каналды 1999-2002-жылдары өз күчү менен салган. Буга ыраазы болгон айыл аксакалдары курулган каналды “Камчыбек Жолдошбаев атындагы канал” деп атап, атайын тактай илип коюшкан.

Андан бери 20 жылга жакын убакыт өтсө да, канал бүгүнкү күнгө чейин өз кызматын аткарып, 6 миң гектар жерди суугарып, жергиликтүү тургундардын керегине жарап келе жатат. Элдин жашоосу оңолуп, жүздөгөн гектар жерге чөп өстүрүп, картөшкө айдап, борборду көздөй көчпөй калышкан.

Ал каналдан келген суу менен суугарылган жерден тургундар жыл сайын 1 миллион боо чөп жыйнап алат. Бир боо чөп азыр базарда орточо эсеп менен 200 сомдон сатылат, анын баарын сатканда жалпысынан 200 миллион сом болот. Ошондо Камчыбек Жолдошбаевдин каналы жыл сайын атбашылыктарга чөптөн эле 200 млн сом киреше берет. Картөшкө, эгин, бак сыяктуу калган дыйканчылыктын тармактарын айтпай эле коёлу.

Көп жылдан бери Ат-Башынын 4 айыл өкмөтү ушул аймактан тоют даярдап, малын багып, үзүрүн көрүп, оокатын өткөрүп жатышат. Ушундан улам атбашылыктар 2005-жылдан бери Камчыбек Жолдошбаевди биздин кызыкчылыкты республиканын деңгээлинде коргойт деп аттап-тондоп, Жогорку Кеңешке эл өкүл катары шайлап келишүүдө.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: