Menu

Жалал-Абадда ыкчам жардам көрсөтүү ооруканасынын курулушуна капсула салынды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24-майда Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын алдындагы хирургиялык ыкчам жардам көрсөтүү ооруканасынын пайдубалына капсула салуу аземи болуп өттү. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Германия Федеративдүү Республикасынын KfW  каржылоосу астында “Кыргыз Республикасынын медициналык тез жардам” II фазасына ылайык Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын медициналык ыкчам жардам көрсөтүү бөлүмүнүн курулушуна капсула салуу аземинде дарыгерлер менен медайымдарга жана шаардыктарга ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев  кайрылды.

—    Биз бүгүн Германия мамлекетинин колдоосу менен Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында заманбап ыкчам жардам көрсөтүү бөлүмүнүн 2 кабаттуу имаратынын курулушун баштоонун алдында турабыз. Германия мамлекетинин колдоосу менен курулуп жаткан ыкчам жардам көрсөтүү ооруканасынын бөлүмү бүткөрүлүп калса облустубуздун калкына көрсөтүлүп жаткан медициналык тейлөө кызматтарынын сапаты жогорулаары анык. Быйыл май айында курулуш башталып жаткан бул оорукана 2018-жылдын март айында салтанаттуу түрдө ишке берилээри мерчемделүүдө. Германия Өкмөтүнө жана анын элине, Кыргыз Республикасындагы Германия өкүлүнүн экономикалык байланыш жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Касьен Онезорге мырзага жана Немец өнүктүрүү банкынын директору Томас Эдгар Лемани  мырзага өзүмдүн атымдан жана облустубуздун жалпы калкынын атынан терең ыразчылык билдиремин. Кыргызстан менен Германия өлкөлөрүнүн ортосундагы достук кызматташуу жана карым-катнаш мындан ары дагы бекем өнүгө берерине терең ишенмин,- деди ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев.

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында курулуп жаткан ыкчам жардам көрсөтүү бөлүмүнүн курулушуна капсула салуу аземинде сөз сүйлөшкөн КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Альфия Самигулина, КРнын Саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Амангелди Мурзалиев, Германиянын Кыргызстандагы атайын өкүлү Касьен Онезорге, Немец өнүктүрүү банкынын директору Томас Эдгар Лемани облустук клиникалык ооруканасынын дарыгерлер менен медайымдар эмгек жамаатын жана Жалал-Абад шаарынын тургундарын жаңы 60 койкага эсептелген ыкчам жардам көрсөтүү ооруканасынын курулуш иштеринин  салтанаттуу башталышы менен чын дилдеринен кызуу куттукташты.

Андан соң жаңы оорукананын пайдубалына капсула салынып, облус жетекчиси жана келген меймандар курулуштун пайдубалына цемент аралашмасын салышты. Оорукананын курулушун жүргүзүү иштерин ачык тендерди жеңип алган Бишкектин “Би. Интерьер Сервис” ЖЧКсынын куруучулары жүргүзүп жатышат. Оорукананын имаратын бүткөрүүгө 1 млн. 700 мин евро каражаты каралган. Жаңы ыкчам жардам көрсөтүү бөлүмүнүн имараты сапаттуу курулуп  бүткөрүлгөндөн кийин анын ичине заманбап медициналык жабдуулар менен аппаратуралар коюлат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: