Menu

Муфтият: 8-июндан тарта мечиттерге келүү тартибин жана талабын так сактайлы

Бөлүшүү:

8-июндан тарта диний мекемелер иштеп баштайт. Буга байланыштуу мечиттерге, намазканаларга келүүнүн, имараттын ичине кирүүнүн жол-жоболору иштелип чыкты. Бул тууралуу кечээ, 4-июнда мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, беш убак жамаат намазын, жума  намаздарын өткөрүү максатында мечитке келүүдө жарандар төмөндөгү эрежелерди так аткаруусу талап кылынат.

ТАЛАПТАР:  

Күнүмдүк беш убак намазга жана жумага келүүчү  жарандардын беткап тагынуусу талап кылынат.

Мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана келүүчүлөрдүн дене табын текшерүү иш-чаралары жүргүзүү керек.

Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралыкты сактоо зарыл.

Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат.

Даарат алчуу жайларда аралыкты жана санитардык талаптарды сактоо зарыл.

Жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу кажет.

Өлкө аймагындагы бардык мечиттерде даярдык жана түшүндүрүү иштерин мечиттердин имамдары жүргүзүүсү милдеттендирилет.

СУНУШТАР:

Дааратты үйдөн алуу жана сүннөт намаздарды үйдөн окүп келүү.

Мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 минуттун аралыгында чыгып кетүү.

Жамаат намаздары ачык абада  мечиттин короосунда өткөрүү.

Ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 + = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: