Menu

Фото – Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылында жер көчкү жыла баштады

Бөлүшүү:

Быйылкы жылдын 3-январынан баштап Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагына караштуу Жалгыз-Жаңгак айылында чоң көлөмдөгү жер көчкү акырындап жыла баштады. Анын натыйжасында КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин областтык башкармалыгынын адистери 11үй-бүлөгө тез арада коопсуз аймактарга көчүп чыгуулары боюнча атайын чечим чыгарылып берилди. Жалпы жонунан 40 млн. куб метр көчкү жүрүү коркунучу туулган Жалгыз-Жаңгак айылынын жашоочулары менен өкүл, областтык жарандык коргонуунун башчысы Кыянбек Сатыбалдиев, Сузак районунун акими Абдумуктар Маматов, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин областтык башкармасынын башчысы Абдишарип Бекилов кооптуу кырдаал жаралган аймакта болушуп, жергиликтүү элге тез арада  коопсуз аймактарга көчүп чыгуулары боюнча жеринде жолугушуу өткөрүштү.

Жер көчкү күн сайын 1 метрден 5 метрге чейин акырындап жылып жатат. Кече аталган кооптуу аймакта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин областтык башкармасынын башчысы Абдишарип Бекилов, Сузак районунун акиминин биринчи орун басары Төрөгелди Түркбаев Жалгыз-Жаңгак айылында болушуп, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу өткөрүшүп, тез арада коопсуз жайларга көчүүлөрү зарыл экендигин дагы бир жолу эскертишти.

– Урматтуу Жалгыз-Жаңгак айылынын жашоочулары, кырсык каш кабактын ортосунда деп айтылат. Азыр сиздер тез аранын ичинде коопсуз жайларга көчүп чыгууңуздар керек. Сактанганды кудайым сактайт дейт. Он алты үй-бүлө ушундай кыйын кезеңде тууган-уруктарга барып жашап, убактылуу баш калкалап турууңуздар керек. Биздин мамлекетибизде адам өмүрүнөн кымбат эч нерсе жок,- деди Сузак районунун акиминин биринчи орун басары Төрөгелди Түркбаев.

Жалгыз-Жаңгак айылында 1990-жылы жаз айында да ири көлөмдөгү жер көчкү жүрүп, 5 үйдү басып калган. Анда адам өмүрүнө эч зыян келген эмес. Жалгыз-Жаңгак айылынын тургуну Рашит Бышаков азыр шашылыш түрдө турак-жайын бузуп көчө баштады. Ал буга чейин жер участогун алып, турак-жайын салып алган. Бул жерде мал жанын асырап кармоочу. Жер көчкү жүрүү коркунучу бар 11 үй-бүлөнүн мүчөлөрү түнкүсүн тууган-уруктарына барып жатып жатышат. Көк-Арт айыл аймагынын башчысы Шералы Кудайбердиев белгилеп кеткендей көчө турган тургундардын үйлөрүнүн алды карлардан толук сүрүлүп тазаланып, автотранспорт кирүүгө  ыңгайлаштырылып коюлду.

Жалгыз-Жаңгак айылында 444 кожолук эл жашайт. Облуст боюнча жер көчкү жүрүү коркунучу бар 1700 кооптуу жерлер аныкталган.

     Жолдошбай Осмонов, өкүлдүн басма сөз катчысы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 + = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: