Menu

Кыргызстандын Көмүскө министрлер кабинети түзүлдү

Бөлүшүү:

Коопсуздук кызматынын генералы Марат Иманкулов, экс-депутат, экс-элчи Турсунбай Бакир уулуу баштаган саясатчылардын оппозициялык бир тобу биригишип, Кыргызстандын Көмүскө министрлер кабинетин түзүшкөндүгү белгилүү болду.

Бейшемби күнү, 12-январда Кыргызстандын Көмүскө министрлер кабинети коомчулук үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, кабинеттин максаттары менен милдеттерин, анан эң башкысы курамын жарыялайт.

Көмүскө министрлер кабинети азыркы Сооронбай Жээнбеков жетектеген КР Өкмөтүнө оппозиция болуп, анын ар бир саясый кадамына, экономикалык саясатына өз баасын берип турат.  Бүгүнкү бийлик сазга батырган саясый жана экономикалык кризистен чыгуунун жолдорун сунуштайт. Бүгүнкү бийликке күзүндө өтчү президенттик шайлоонун жыйынтыктарын адатынча будамайлоого жол бербөө үчүн күрөшөт. Эгер бүгүнкү бийлик кокустан жыдып калса жоопкерчиликти өз колдоруна алууга даяр экенин жарыялашат. Президенттикке өз талапкерин чыгарышат.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 32 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: