Menu

ЖКнын жыйынында Элвира Сурабалдиева сөз сүйлөп баштаганда көп депутаттар залдан чыгып кетишти

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-октябрда ЖКнын кезексиз сессиясында депутат Элвира Сурабалдиева сүйлөп жатканда, анын бир нече кесиптештери залдан чыгып кетишти.

Залдан негизинен 4-октябрдагы шайлоого “Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан” партияларынан атынан катышкан талапкерлер чыгып кетишти.

“Урматтуу деп айтайын деп, урматтуу деген сөзгө тилим келбей жатат. Коллегалар, 5-октябрда Ала-Тоо аянтына 20 миң кыргызстандык келди. Арасынан 90% жаштар. Ошол жаштар 4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыктарына ачуусу келип, нааразы болуп аянтка чыгышты”, – деди депутат.

Ал спикер Канат Исаевден 5-октябрдагы башаламандыкта жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү, төрага фондунан дарыланууга жана операцияга акча бөлүп берүүнү суранды.

Ал залдан чыгып кетип бараткан депутаттарды көрүп, “ачуу чындыкты угам деген депутаттарыбыз качып баратат окшойт, качпай муну аягына чейин уксаңыздар болмок” – деди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: