Жалал-Абаддагы Фейсбуктун колдонуучулары социалдык тармакта президент Атамбаев тууралуу жазгандары үчүн коопсуздук кызматына үч күн сурак берип, эскертүү алышты. Сузактын төрт, Базар-Коргондун беш, Аксынын эки жаранына эскертүү берилди. Алар коопсуздук кызматынан эскертүү алышкандан кийин Фейсбукка жазбай калышкан.
УКМК облустук башкармалыгы мындай маалыматты жокко чыгарып, эч ким суралбаганын билдирүүдө.
10-январда айрым маалымат каражаттарында жана Фейсбукта УКМК төрагасынын орун басары Болот Сүйүмбаевдин Фейсбукта президент Атамбаев тууралуу терс пикир жазган 45 киши аныкталганын, алардын тек-жайы жана интернетке кирген дареги иликтенип жатканы тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинага жазылган жооп каты жарыяланды.
Өткөн жылы УКМКнын Ысык-Көл облустук башкармалыгы Жети-Өгүздүн тургунун соцтармакта жазган пикири үчүн бир нече күн суракка алган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ