Өлкөбүздүн башкы маалымат каражаты болгон КТРКнын ишин, редакциялык саясатын көзөмөлдөп, тескеп турган Байкоочу кеңеш бар. Анын курамы эки жарым жылда жаңырып, президент, Жогорку Кенеш жана коомдук уюмдар тарабынан көрсөтүлөт. Бирок иш жүзүндө КТРК оңолуп, чыныгы элдик деле болуп кеткен жок. Тескерисинче элдин акчасына каржыланып, жалаң бийликтин сөзүн сүйлөп, саясатын жүргүзүп, барабанын дүңкүлдөткөн адатын коё элек. Адистер мындай абалдын себебин Байкоочу кеңешке телевидениенин “Т…сын” да билбегендердин келип жаткандыгынан көрүшүүдө. Ошондуктан эл арасында Байкоочу кеңеш “Чайкоочу Кеңеш” аталып калган. Себеби алар жогоруда айтылган бийлик бутактарынын кызыкчылыгын гана көздөп, ошолордун жеке аброюн коргоо менен алек. Натыйжада экран менен эфирден эл угуп, көрө турган бир да кызыктуу берүүлөр кетпестен, көпчүлүк учурда бийликти мактап, оппозииияны сындаган гана көрсөтүүлөр орун алууда. Жакында кезектеги жаңы курам шайланды. Бул ирет да телевидение менен радиодо бир күн иштебеген, иштесе да, макала, репортаж даярдабай, текстти гана окуп берген денгээлдегилер келишти. Ал эми төрагалыкка “бийликтин дежур чалына” айланган адамдын шайланышы көпчүлүк журналисттердин нааразычылыгын жаратууда.
Булак: “Майдан”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ