Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда катуу селден жабыркаган Баткен областынын Кадамжай районуна учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жээнбеков кечээ, 27-майда адам өмүрүн алган селден кийинки тазалоо иштери менен таанышат жана жабыр тарткандарга жардам көрсөтүп, жергиликтүү тургундар менен жолугушат.
Ошондой эле каза болгондордун үй-бүлөсүнө өкмөттүн резервдер фондунан материалдык жардамдар көрсөтүлөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ