Кадамжай районундагы селден кийин жоголгон баланы издөө иштери уланып жатат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун буйругу менен издөө иштерине 83 куткаруучу тартылган.
Эске салсак, 27-майда саат 15:45 чамасында Кадамжай районунун Кадамжай шаарындагы Жийделик айылында нөшөрлүү жааган жамгырдын кесепетинен, Ош-Айдаркен унаа жолунун 125-132-чакырымында тоо жылгаларынан сел түшүп, “Опел Фронтера” үлгүсүндөгү унааны сел агызып, сел өтүүчү сайга кулап түшкөн. Унаанын ичинде 7 адам болгон. Алардын ичинен 5 адам каза болуп (2 эркек, 3 аял), бир жаш баланы куткарып калышкан. Ал эми 2013-жылы туулган наристе дайынсыз болууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ