Menu

Президент Ооганстан Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Мохаммад Ханиф Атмарды кабыл алды

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев Ооганстан Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы,  Ооганстан президентинин коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Мохаммад Ханиф Атмарды кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда өлкөлөр ортосундагы саясий карым-катнаштын деңгээлин жогорулатуу менен бирге соода-экономикалык жана маданий гуманитардык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү, ошондой эле коопсуздук чөйрөсүндө кызматташтыкты активдештирүү эки тараптын тең кызыкчылыктарына жооп бере тургандыгы белгиленди.

Атамбаев жана Ооганстан Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы ошондой эле эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын ортосунда мурда жетишилген келишимдерге ылайык Чоң жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча чараларды да талкуулашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: