Бишкекте өнөкөт оорусу бар аял көчөдө жыгылып каза болду. Бул тууралуу журналисттерге Тез жардам борборунун жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.
Анын айтымында, “Жибек Жолу” проспектиси менен “Байтик Баатыр” көчөсүнүн кесилишинде болжол менен 40 жаштагы аял күтүүсүздөн көз жумган.
«Окуя болгон жерге реанимациялык топ тез арада жетип барды, маркумдун туугандары коштоп барышты. Тилекке каршы, аялды сактап калышкан жок. Мындай окуя бүгүн саат 12:00 чамасында болду», – деди Егор Борисов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ