Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Патрулдук милиция кызматкерлерине кол салган деп шектелгендердин бирин камакка алды. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда журналисттерге Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30 жаштагы Ж.Д. аттуу жаран эки айга СИЗО-1ге камакка алынды.
Эске сала кетсек, 27-декабрда Патрулдук милициянын инспекторлору “Фольксваген Пассат” үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Унаанын ичиндегилер мас абалда болгон жана айдоочу документтерин берүүдөн баш тарткан. Жүргүнчүлөр агрессивдүү каршылык көрсөтүп, милиция кызматкерлерине кол салышкан. Милиционерлер кызматтык куралды коопсуз багытта колдонушкан. Кол салгандар кармалды. Алар 1990-жылы туулган Ж.Д. жана 2004-жылы туулган Ж.Д. аттуу жарандар.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-берене (“Бейбаштык”) боюнча катталган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ