Menu

Сүйүндү каралагысы келгендер милициядан айдалган “крысаларбы”?

Бөлүшүү:

Акыркы күндөрү төбөсү көрүнүп калган, кадыр-баркка ээ болуп бараткан азаматтардын кадыр-баркына, намысына шек келтирген, чындыкка төп келбеген маалыматтарды Гүлчөтайга окшоп жүзүн ачпагандар “Telegraph” жашыруун сервиси аркылуу коомчулукка жарыялоону салтка айландыра баштады. Айрыкча ички иштер органдарынын аброюна шек келтирип, каралоого багытталган материалдарды тез-тезден ыргытууда. Жакында эле аталган сервис аркылуу белгисиз авторлор өздөрүн түштүк аймагындагы ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери катары тааныштырышып, жогорку жактагы бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу менен коррупциялык көрүнүштөр тууралуу маалыматтарды чагылдырган макала жарык көргөн. Өздөрүн көшөгөнүн артына катпастан, айтчу чындыгы болгон соң коомчулукка ачык чыгып, далилдери менен сайрап берсе, баарыбыз эле аларды кубаттап кетмекпиз да. Жөө жомокчулар өз кесибинин чыныгы профессионал болгондорду коомчулукка “мокочо” кылып көрсөткүлөрү келип жатканы, алардын ачык чыга албай жатканынан эле билсе болот да. Эр болсо катын ушактан алыс болуп, жигитче кармашууга чыгышпайбы?!

Оозуна келгенди оттогон, чириген сөз менен ушак токумайга маш адамдар коомго жаман илдетти жуктуруп жатканы жакшы көрүнүш эмес. Өздөрүн түштүк аймактагы Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерибиз деп тааныштырган ушакчылар Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаковду карандай калп менен каралаганга аракет кылышты. Таза адамга жалаа оңою менен жармаша бербейт да. Алар генерал Өмүрзаковдун милицияны “крысалардан” тазалоо демилгесине каршы чыккан “крысалардан” экени анык. Себеби, генерал жакында эле ИИМде өткөн коллегияда ИИМдин системасын оңдоо, арам тамак коррупционерлерден тазалоо, ниети таза эмес акмактарды жоготуу, кызматтык милдеттерин аткара албагандарды иштен айдоо тууралуу демилге көтөрүп чыккандыгы белгилүү. Ошондон кийин айрым кызматкерлер иштеринен кол жуугандыктары да айтылууда. Мына ошолор ачык чыга албастан, ушундай каралоо жолу менен интернетти пайдаланып, өч алууну көздөп жатышат деп айтуу ашыкча болмок беле? Кыйын болсоң милицияны ушундай генералдар башкарып жатат деп ачык айтып чык! Андай эмеспи, мыкты жигиттерге асылгандарды токтотуу керек да, туурабы? Сүйүн көтөрүп чыгып, ишке ашырып жаткан демилге ушул күнгө чейин ишке ашпай, сөз бойдон калып келгени калппы? Милицияны “крысалардан” тазалап, элдин милицияга болгон ишенимин көтөрүү бүгүнкү күндүн негизги талабы болуп жатпайбы. Өмүрзаковдо кызыл шапкечендердин арасына кирип алган куйтуларды тазалоо үчүн тажрыйба, эрк да жетиштүү экенин ким тана алат? Анда вагон-вагон дух бар эмеспи. Министр Кашкар мырза деле бул демилгени колго алып, өзү кичи автобуска түшүп алып аймактарды кыдырып жүрбөйбү.

Жарыяланып жаткан жалаа жапкан маалыматтар ички иштер органдарынын жетекчилеринин кадыр-баркына шек келтирип, каралоого багытталган кээ бир адамдардын иш-аракети экендигин билип, үн катпай коюу да адамгерчиликке жатпайт. Сүйүн Өмүрзаков профессионал милиционер гана эмес, кыргыздын белдүү, демдүү, бычакка сап жигиттеринин бири. Ушундай жигиттер эл үчүн иштебесе, жүзүн жаап алып, көчө менен базарда айтылчу сөздөр менен жогор жактагыларга кайрылып жүргөн, “ушакчы катындар” иштеп бермек беле?

Кыялбек Тагаев

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: